Көп дарт менен алышып жаткан 1 жаштагы Алиянын апасы: "Кызым көп күлөт, аны карап кантип ушундай ооруларга чыдап жатасың деп ыйлайм"







“Урматтуу элим, биз, жолдошум экөөбүз сиздерден жардам сураганга аргасызбыз, 1 жаштагы кызыбыз бир эмес, бир нече оору менен алышып келет. Кызымды карап отуруп өзүм да оорукчан болуп калдым. Жолдошум да майып. Убакыт өткөн сайын жүрөгүм дирилдеп ооруп жатат. Кечигип калбайын, убакытты текке кетирип кийин өкүнүп калбайын дейм, бул жарыктыкта балдар оорубасынчы. Араңарда боорукер адамдар бар экенине ишенем, жардам бериңиздер” деген аянычтуу каттын ээси Ирина Дүйшенакунова учурда ооруканалардан башы чыкпай жүрөт. Анткени кызы Алия төрөлгөндөн бери эле баш мээнин шал оорусунан жабыркап, акыркы күндөрү ал дартына гидроцефалия, пневмония, сасык тумоо, сол капталынын неврити жана башка оорулары пайда болуп үй-бүлөсү түйшүктүн түбүндө калганын айтат.
“Кызым бир эле оору менен ооруса жеңилирээк болмок, бир нече дарт менен алышып абдан кыйналып кеттик. Өзүбүз Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жашачубуз, ушул жылдын март айында дарыланганы Бишкекке келип Пригородное айылында 4 миң сомдук батирде жашап жатабыз. Жолдошумдун да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, кулагы укпайт, сүйлөбөйт, дудук. Андай мүмкүнчүлүктөр менен да көп жерге жумушка орношо албайт экен. Ар кимден жардам сурап жашап жатабыз. Кош бойлуулугумдун 5-айында мени УЗИге түшүп кел деп жиберишкен, түшүп келсем башында суу бар экен деп Бишкекке жиберишти. Бишкектеги дарыгерлер "төрөй берсең болот, дарыларды жазып беребиз" деп №6-төрөтканага каттоого алышкан.
Улам барып көрүнүп, жазып берген дарыларын ичип турчумун. Төрөгөндө аябай кыйналдым, дарыгерлер толгоону чакыра турган дарыларды сайып жатып төрөгөм. Башында көзү ооруп баштады, андан кийин оң капталы колдору, буттары иштебейт экен дешти. Баш-аягы кызым көп ооруну башынан өткөрүп жатат. Бирок ал жүрөгүмдү оорутуп күлүп эле жата берет. Кээде “кызым, кантип ушундай ооруларга чыдап жатасың?” деп ыйлайм. Эмне себептен кызымдын мынтип ооруп калганын көп ойлоном. Аны ооруканага ташып жүргөндө өзүмдүн да буту-колдорум ооруп, көтөрө албай кыйналып жүрдүм. Анализ тапшыргандан кийин бруцеллёз дарты менен ооруп калганымды билдим. Бул дартым кош бойлуу кезимде эле пайда болгон окшойт. Аны өзүм да билбей жатам. Жолдошумдун ата-энеси ал кичинекей кезинде эле каза болуп калган экен. Бизге жардам берчү эч ким жок. Башында дарыланганда аябай көп каражатыбыз кетип калды”, - дейт ал.
Кыйналып жаткан үй-бүлө учурда акчасы жок ооруканага да бара элек. Жолдошу колунан келген жумушун кылып батир акысына, үй-бүлөсүнүн күнүмдүк тамак-ашына гана жете турган каражат таап жатканын кабарлады Ирина. Ошондой эле өзүн дарылаганга мүмкүнчүлүгү жок экенин да кошумчалады.
“Өзүм дарыланбай эле жүрөм, анткени биринчи кызымды дарылатышым керек. Балаң ооруганда өзүңдү деле карабай калат экенсиң. Бирок колдорум бала көтөргөнгө жарабай баратат. Уктап турсам буттарым кыймылдабай, көп бассам шишип кетет".
Жардам берүүнү каалагандар үчүн Ирина Дүйшенакунованын Элсом номери 0773 28 88 41.
кошулду
Оору менен алышкан наристенин апасы: "Кызым, ушунча көп ооруга кантип чыдап, күлүп жатасың?"



Айыгып кетсин
Эгер банктан которсок алганга убактысы болот бекен?