Өзгөндөгү жер көчкүгө бир жыл толду. Жакындарынан, үйлөрүнөн ажыраган тургундардын учурдагы жашоосунан фоторепортаж
Былтыр 29-апрелде Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Зергер айыл аймагынын Аюу айылында жер көчкү жүрүп, 24 адам топурак астында калган. Анын 8инин жансыз денеси чыгарылып, казуудагы кыйынчылыктардан улам 16 маркумга ошол жерде жаназа окулган. Арадан 1 жылдан ашуун убакыт өттү. Жакындарынан, турак жайынан ажыраган аюулуктардын учурдагы абалынан кабар алдык.
Учурда аюулук 10, зергерлик 1, ичке-сайлык 1 үй-бүлөгө Өзгөндүн Төрт-Көл айыл аймагынан жаңы үйлөр курулуп берилген. Тургундардын айтымында, бул үйлөр Кыргыз өкмөтү жана Түркиянын колдоосу менен салынган.
Аюу айылындагы жер көчкүдөн кийин куруп берилген үйлөрдүн бирине ээ болгон Кайратбек Актаев бизге жаңы түшкөн айыл тууралуу айтып берди.
"Үйлөрдү Кыргыз өкмөтү менен Түркия бирге курду"
- Бул жерге Өзгөндүн Аюу айылынан көчүп келгенбиз. Бул жаңы айылдагы 8 үйдү өкмөтүбүз Түркия менен биргеликте куруп берди. Ал эми 4 үйдү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги курду. Азыр 12 үйдүн бардыгы колдонууга берилген. Анын 10 үйүндө аюусайлыктар жашаса, Зергер менен Ичке-Сайдан бирден үй-бүлө бар. Курулуш иштери жай мезгилинде башталып, 12-декабрда үйгө кирдик. Өкмөт, эл бар экен көчөдө калган жокпуз. Ичинде бардык шарты бар: жуунуучу бөлмө, ашкана, жылытуу системи. Айыл деп атасак жарашат. Электр жарыгы, таза суу да берилген.
"Балдарыбыз 2-3 чакырым алыстыктагы мектепте окуп жатат"
- Менин үйүм кооптуу жайда жайгашкандыктан жана жакыр үй-бүлө болгондугума байланыштуу үйүмдү бекер куруп беришти. Үйдү курууга бизден каражат кеткен жок. Көчкүдөн зыян тартып, жаңы үйгө жетпей жаткандар бар. Алардын үйүнүн абалы жакшы болгону үчүн жаңы салып берилген жок. Буюрса, мектеп курулуп калса деп турабыз. Азыр бул жаңы айылдын балдары 2-3 чакырым алыстагы мектептерге барып окуп келишүүдө. 2 кабаттуу мектеп спорт залы менен курулуп жатат. Биз учурда Төрт-Көл айыл өкмөтүнө карап калдык.
"Балам топурак астында калып кеткен"
Жаңы салынган үйлөрдүн бирине ээ болгон Аюу айылынын мурунку жашоочусу Ибрагим Ризабаев кыйын учурда элден чоң жардам келгенин айтып, ыраазычылык билдирди.
"Былтыркы каргашалуу окуяда 17 жашар балам көчкү астында калган. Көчкү калың түшкөндүктөн баламдын денесин чыгарууга шарт болгон жок. Ошол жерде эле жаназасын окудук. Көчкү түшкөндөн бери жөнөкөй жарандан премьер-министрге чейин тез-тез кабар алып турушту. Элге рахмат! Баары колдон келишинче жардам берди. Азыр эми жаңы үйдө жашап жатабыз. Ушуга да Кудайга шүгүр дейбиз", - деди Ризабаев.
кошулду
24 адамдын өмүрүн алган жер көчкүгө бир жыл









1 |