Тарых музейин оңдоо үчүн консультативдик-дизайнерлик кызматка 394 миң евро коротулган



Тарых музейин оңдоо үчүн консультативдик-дизайнерлик кызматка 394 миң евро коротулган. Бул тууралуу депутат Бахадыр Сулейманов "Ата Мекен" фракциясынын Мамлекеттик тарых музейинин курулушунун жүрүшү боюнча өткөргөн көчмө жыйынында билдирди. Ошондой эле ал германиялык "Vitrinen und Glasbau REIER" компаниясы алып келген отургучтун баасы 100 миң сомдон экенин маалымдады.
Депутат Каныбек Иманалиев музейди оңдоо иштерине президенттик аппараттан ким кураторлук кылганына кызыкты. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү президенттик аппараттан эч ким кураторлук кылбаганын айтышты.
Бирок Иманалиев: "Тарых музейинин курулушуна ошол кезде президенттик аппараттын жетекчиси, кийин премьер-министр болгон Сапар Исаков кураторлук кылыптыр. Муну ачыктап чыгыш керек", - деп айтты.
Жаңыланган тарых музейи: Миллион сомдук жыгач ат, жүз миң сомдук отургуч
Тарых музейин жаңылоо: Еврого бааланган эмеректер

Мындан тышкары эми консультативдик-дизайнерлик кызмат үчүн 394 миң евро сарпталганы белгилүү болду. Бул ишти жасоо үчүн эч кандай тендер өткөрүлбөй, жөн гана конкурс өткөрүлгөн. Баасы да өтө эле жогору. Айтор, музейди реконструкциялоону уюштурууда жана аны жасоодо мыйзам бузуулар болгондугун жана баалар асм
Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо ири коррупция бар экени ачыкка чыккандан кийин, анын артынан Тарых музейин реконструкциялоодо да коррупция жыттанган көрүнүштөр калкып чыга баштады.
Мисалы, Тарых музейинде “Барсбек” деп аталган инсталляциянын баасы 600 доллардан айланыптыр. Андай жыгачтан жасалган түркүктөн 54 даана сатылып алынган экен. Музейдин директору Кеңешбек Алмакүчүковдун айтымында