super.kg logo

"Кытайга 3,3 гектар жердин берилиши боюнча түшүнбөстүктөр болуп кетти" дейт Бишкек шаардык кеңешинин депутаты

 

Бишкек шаарындагы Кытай Эл Республикасынын элчилиги жайгашкан 3,3 гектар жер буга чейин эле аталган мамлекетке 49 жылга ижарага берилген. Мындай маалыматты бүгүн, 31-майда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов айтты. Аматовдун айтымында, кечээ шаардык кеңеште 2 өлкө ортосунда жер тилкелерин бири-бирине берүү жана Кытай тарап Кыргызга элчиликтин имаратын куруп берүү келишими каралып, мындай келишим көпчүлүк тарабынан сынга кабылды.

"Мындай сындардын баары түшүнбөстүктөрдөн улам болуп жатат. Бишкектеги Кытай Эл Республикасы жайгашкан жер тилкеси элчилик курулуп жатканда эле 49 жылга ижарага берилген. Кийин Кытай тарап бизге Пекиндеги элчилик жайгашкан 25 сотых жер тилкесин ижарасыз берип, мындан тышкары 9 миллион долларга элчиликтин имаратын жана өкүлчүлүктүн кызматкерлери үчүн мейманкана салып берүү келишими каралган. Ал эми жер алмаштыруу бул эки тарапты тең ижара төлөөдөн бошотот. Элде биз гектарлаган жерди берип өзүбүз 25 сотых жер алабызбы деген суроо жаралып, сын-пикирлер айтылып жатат. Бул кырдаалды атайын адистер иликтеп чыгып, 2 тарапка тең пайдалуу болоруна ынанышкан. Буюрса, келечекте Пекинде биздин абдан чоң элчилик иштейт. Биз 3,3 гектар жерди 25 сотых жерге айырбаштап жатабыз деген түшүнүктөн алыс болуш керек. Анткени Бишкектеги Кытайдын элчилигинин имаратын Кытай тарап курган", - деди Аматов.

Буга чейин белгилүү болгондой, 2 тарап тең элчиликтер жайгашкан жер үчүн ижара акысын төлөп келген. Кытай тарап элчилиги жайгашкан жерге ижара иретинде жылына 723 миң сом төлөп турат. Ал эми Кыргыз өлкөсү 2004-жылдан бери Кытайга 3 миллион 3 миң 55 доллар төлөгөн.

Эске салсак, бул келишим 30-майда Бишкек шаардык кеңешинде каралып, депутаттар аны колдогон эмес эле.






Бишкек шаардык кеңеши Кытай менен жер алмашуу долбоорун колдоду

Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
31.05.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кытайларга жер бербей жөн эле жүрө бербейсинерби өзү жерибиз аз
31.05.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне деп жанын жеп жатат?!!

Биринчиден Бишкекте Кытайларга 3,3 гектар эмес, 25 сотых жер берилсин, Пекинде Кыргызстандын элчилигине канча жер берилген болсо ошончо... Болбосо Пекин 3,3 гектар жер берсин, Бишкектен 3,3 гектар жер ишиеткиси келсе ..

Экинчиден 2 олко тен аталган жерлер боюнча жер салыгынан бошотулсун. 2004-чу жылдан берки толомдор боюнча айырманы Кытай толоп берсин. Башкача айтканда Кытай акыркы 14 жылда 140000$ толоп берген болсо, анда 2 860000 $ды кайтарып берсин
Tokmokchu-1 түзөттү 2018-05-31 13:55:02
31.05.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Учунчудон 49 жылга арендага беруу деген тушунук жоюлсун. Мурун андай келишимге кол коюлган болсо, эми ал келишим жокко чыгарылсын. Анан да Кытайдагы Кыргызстандын элчилигин Кытай куруп бербей эле койсун. Кытайлардын ТВЕА ж.б.фокустарын коруп конул айнып жаткан учур...


Жерди сатуу же арендага беруу деген созду дегеле унуткула!!! Болбосо биз чогулуп оз созубузду айтууга даярбыз жуз мин, миллион болуп чогулуп!!!
Tokmokchu-1 түзөттү 2018-05-31 13:59:28
31.05.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кытайга Жер бербей олгуло , арам тамактар, Кыргызстанды жутасынар жакында бул кейпинер менен
31.05.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Министр шашып чыгып кетти дегенде тушунбодунорбу бул жерде да коррупция бар жер бергенче меникин бербейсинерби
31.05.2018. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Министр Абдылдаев баарынарга жооп уйротуп кеттиби, моминтип актангыла дагы, мыйзамды кабыл алып бергиле деп?!!.....
31.05.2018. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытайга жер бергенден коро (даже договор менен) бербей эле койгула. Кыргыздын канчалаган жерин договор менен берип кайра ала алган жоксунар. Ушундай депутаттардын барынан жогу.
31.05.2018. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
3.3 гектарга 27 сотыхты алмаштырган ХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-31 17:59:38
SUPER.KG видео
01.06.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
наалат силерге эл саткындары
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: