"2 балам тең окшош оорудан жабыркайт. Кызым түтүк менен дем алчу, аппараты бузулуп өмүрү кыл үстүндө" дейт эне
Эки баланын энеси Гулина Сулайманова коомчулуктан жардам сурап SUPER.KG порталына кайрылды. Анын 5 жашар кызы жана 4 жашар уулу бар. Экөө тең жүлүндүн тубаса начар иштеши, булчуңдардын алсыздыгы менен жабыркап келишет.
Гулина Сулайманова балдарынын жанынан алыс чыга албайт. Жолдошу болсо Орусияда курулуш тармагында иштеп, тапкан акчасын балдарынын дары-дармегине жумшайт. Кызы түтүкчө менен дем алгандыктан аны атайын аппараттын жардамы менен тазалап туруу керек. Учурда ал аппарат бузулуп калып, кызы дем ала албай кыйналып жаткан учуру. Жаңысын сатып алуу үчүн 100 миң сомдон ашык каражат керек болуп жатканын айтат. Мындай каражат жаш үй-бүлөдө жок болгондуктан алар коомчулуктун жардамына муктаж.
"Кызым Айганыш 5 жашта, ал түтүкчө аркылуу дем алат. Түтүкчөнү болсо атайын аппараттын жардамы менен ар бир 10 мүнөт сайын күнү түнү, машинада баратып да тазалап турабыз. Тазалабаса какырык толуп, кызым дем ала албай, көгөрүп баштайт. Учурда бул аппарат бузулуп калды. Аны орусиялык кайрымдуулук фонд 97 миң рублга алып берген эле. Мындан 3 ай мурун да бузулуп, кайрымдуулук фонд өздөрү оңдотуп берген. Азыр шашылыш аппарат алышыбыз керек, антпесек кызымдын өмүрү кыл үстүндө тургандай сезилет", - дейт балдардын энеси.
Анын айтымында, кызынын ден соолугу башында жакшы болгон. Кийин эле кескин начарлап кеткен. Учурда ал баса да, отура да албайт.
"Кызым төрөлгөндө бир аз алсыз болгону менен ден соолугу жакшы болчу. Кийин чыгырыкта аксап басканын байкап ооруканага кайрылсак, жамбашы чыккан, операция жасатыш керек дешти. Ош облустук ооруканасында операция жасаттык. Дарыгерлер бутуна гипстеп коюшту. 3 айдан кийин гипсти чечкен соң кызымдын колу-буту, башы титиреп, 10 күн өтүп ден соолугу кескин начарлай баштады".
Ата-энеси кызын көрсөтүү үчүн Бишкекке келишкен. Бирок дарыгерлер кызды ооруканага кеч алып келгенин айтышып дарылай албасын билдиришкен. Ошентип жаш үй-бүлө Орусияга жөнөгөн.
"Орусиянын Красноярск шаарына баргандан 15 күн өтпөй кызым дем ала албай, катуу ооруп, реанимацияга түшүп калды. Ооруканада аппарат менен дем алып 4 ай жатты. Анан моюнуна түтүкчө коюп беришти. 2016-жылдын июль айынан бери кызым ошол түтүкчө менен дем алып жашап келет".
Азыркы тапта Гулина Сулайманова балдары менен Токмок шаарында турат. Ал Кыргыз өлкөсүндөгү бир нече кайрымдуулук фонддорго жардам сурап кайрылганын, алардан алгылыктуу жооп болбогонун айтат.
"Үйдө башка да аппарат бар, бирок ал электр тогу менен иштейт. Кээде электр тогу өчүп калса биздин жашоо токтогонсуйт. Азыр үйдөн алыс жакка, ал тургай таза абага да чыга албай жатабыз.
Кыргыз өлкөсүндөгү 3 кайрымдуулук фондго жардам сурап кайрылдым. Алар алгылыктуу жооп беришкен жок. Бузулуп калган аппаратты оңдотуу үчүн Москвага кайра жөнөтүү керек, бирок ал кайра эле бузулуп калышы мүмкүн. Кудай сактасын, оңдоткондон кийин жолдо баратып бузулуп калса же свет өчүк маал болсо биздин жашоо токтоп калат, ошон үчүн жаңы аппарат алуу зарыл".
Уулу Мегдат да дал ушул оору менен жабыркап келет. Ата-эне кызынын ден соолугу менен алек болуп жүрүп, баласына учурунда көңүл бурбай калышкан.
"Уулумдун басышы кечеңдегенден улам ооруканага кайрылсак, диагнозу кызымдыкындай экенин айтышты. Ал дубалга сүйөнүп басып калган эле, учурда абалы начарлап кетти. Бутунда күч жок, болгону жөрмөлөйт".
Балдарынын түйшүгүн тарткан жаш эне бардык кайдыгер эмес жарандардан жардам сурайт.
"Урматтуу мекендештер, жоро-жолдоштор, классташ, тааныштар, айылдаштар, баарыңыздардан жардам сурайын деп жазып жатам. Сиздердин жардамыңыздар менен жаңы аппарат алсак кызымдын саламаттыгына бир топ салым кошкон болосуздар. Өзүбүздүн каражат жетпейт. Кызымдын бир айлык дары каражаттарына 40 миң сомдон ашык акча сарптайбыз", - деди Гулина Сулайманова.
Гулина Сулайманованын тагдырына кайдыгер карабаган, жардам көрсөтүүнү каалагандар болсо, 0776 318 891 номерине WhatsАpp аркылуу байланышсаңыздар болот.
Гулина Сулайманова Даниярбековнанын Элсом номери: 0776 318 891.
Сулайманова Гулина Даниярбекова
Банктагы эсеби: №1280106048464091
"Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы
Дуйшоев Абдижалил Карыбекович
Банктагы эсеби: №639002319030570318
"Сбербанк"
кошулду
Кекиртегиндеги түтүк аркылуу дем алган наристеге жардам керек









1 |