Бишкекте эски аянтта Орозо айт намазы окулду (фото)












Бүгүн, 15-июнь - өлкөдө Орозо айт майрамы. Буга байланыштуу Бишкекте, ар бир облус борборлорунда, райондордо, ири мечиттерде айт намазы окулат.
Бишкекте айт намазы эски аянтта окулат. Учурда аянтка жакын жайгашкан Фрунзе көчөсү Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин, Абдымомунов көчөсү Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү Чүй көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылып, милиция кызматкерлери намазга келгендерди дыкат текшерип киргизүүдө. Тартипти бир жарым миңдей милиция кызматкери көзөмөлгө алууда.
Намазга элдер саат 05:30да келе баштады, намазга жыгылуу 7:30да башталат. Бул аралыкта өкмөт башчы, шаар башчы сөз сүйлөп, муфтий баян айтат.
Азыркы тапта аянтта муфтийдин орун басары сабырдуулук тууралуу баян айтууда.
07:15. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков сөз сүйлөп, президенттин жана өзүнүн атынан куттуктайт. Андан соң сөз шаар башчысы Албек Ибраимовго берилет.
Учурда аянтка 20 миңден ашык адам келди. Милиция жарандарды атайын текшерип өткөрүү өтмөктөрүнөн киргизүүдө. Аянтка айт намазына келгендер батпай калганына карабастан элдин аягы суюла элек. Алардын арасында бийлик өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары да бар.
7:20. Аянтта Кыргыз өлкөсүнүн муфтийи Максат Токтомушев Орозо айынын касиети тууралуу баян айтууда.
"Бирөөнүн укугун тебелеп жашабайлы, бирөөгө жамандык кылбай жашайлы, жылдын калган 11 айында дагы Орозо айында жашагандай жашайлы", - деди муфтий.
07:27. Парламент төрагасына сөз берилди, ал алгач өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун жалпы кыргыз элине болгон куттуктоосун окуп, парламенттин атынан да элди Орозо айт майрамы менен куттуктап өттү. Андан соң сөз Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго берилди. Калаа башчысы өзүнүн куттуктоо сөзүндө элге тынччылык каалап, элибизде берекке болуусун тилеп өттү.
07:30. Айт намазы башталды.
8:01. Иш-чара аяктады.
кошулду
Айт намазын окуу үчүн 30 миңдей адам эски аянтка агылды



Айтыныздар маарек болсун кыргыз элим