super.kg logo

Таң эрте катарга тизилген эл, кечиримдүүлүккө, сабырдуулукка чакырган баяндар. Бишкектеги Айт намаздан фоторепортаж

 
Шаар тургундары аянтка саат 05:30да келе башташты
Айт намаз башталганга чейин эле аянтка эл батпай калды
Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жана дин аалымдары
Жогорку Кеңештин төрагасы, шаар мэри жана муфтий аянтка чогуу келишти
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков өлкө башчысынын жана өзүнүн атынан сөз сүйлөдү
Айт намаз башталды
Алакан жайып, бата кылуу учуру
Баян окуган дин өкүлдөрү тургундарды кечиримдүүлүккө, сабырдуулукка чакырды
Аянтка батпагандар бак-дарактын арасынан орун алышты
Милиция коопсуздукту көзөмөлдөөдө

Бүгүн, 15-июнда өлкөдө Орозо айт майрамында Айт намазы окулду. Шаар тургундары эски аянтка таңкы саат 05:30да келе баштады. Милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, ар бир жаранды атайын жабдуу менен дыкат текшерип жатты.

Намаз башталганга чейин эле эл аянтка батпай, көчөлөрдөн орун ала башташты. Намазга жыгылуу саат 07:30да башталды. Бул убакка чейин дин аалымдары баян айтышты. Саат 07:15те Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков алгач президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун окуп берип, андан кийин өзүнүн атынан сүйлөдү. Андан соң шаар башчысы Албек Ибраимов сөз сүйлөп, муфтий Максатбек Токтомушев баян айтып, элди кечиримдүү болууга чакырды.

"Бирөөнүн укугун тебелеп жашабайлы, бирөөгө жамандык кылбай жашайлы, жылдын калган 11 айында дагы Орозо айында жашагандай жашайлы. Сабырдуу, кечиримдүү бололу", - деди муфтий.

Аянтка батпагандар бактын арасы, жолдорго чейин тизилип намазга жыгылышты.
Айт намаз саат 08:01де аяктап, намазга келгендер бири-бирин куттукташты. Алдыңкы катардагылар муфтий менен кол алышып учурашты.

Аянтка орто эсеп менен алганда 30 миңден ашык адам келди. 1 жарым миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту көзөмөлдөштү.


кошулду





Айт намазын окуу үчүн 30 миңдей адам эски аянтка агылды

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
15.06.2018. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Машаллах.Айтыныз маарек болсун урматту Кыргыз элим, жалпы мусулман бир туугандарым.Аллахым окуган намазыныздарды жана орозонуздарды кабыл кылган болсун.Аллахым ар бир уйго тынчтык, береке,ыйман жана жакшылыктарды ыроолосун,оорулууларга ден соолук,баласыздарга бала,жубайы жокторго эки дуйнолук бактылуулукту берсин.Кыргыз элим тынч болсун.Сапарда жургон мигрант бир туугандарды эсен аман эл жерибизге барышыбызды насип кыл.Оомийн!!!
15.06.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
evidens,Оомийн
15.06.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
evidens,Айтканың келсин,оомиин!
15.06.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жалпы Кыргыз элим орозо айт майрамынар куттуу болсун! Аллахым орозо айтында арзуу кылган максаттарынарды, тилеген тилегинерди, ниеттеринерди кабыл кылган болсун.
15.06.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айтыныздар мубарак болсун,Жараткан билип билбей кетирген куноолорубузду кечирсин ИншАллах
15.06.2018. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айтыныздар маарек болсун
15.06.2018. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дрондун жардамы менен дагы суротко тартып койсо, сонун болмок экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: