Москвада топтошкон элди сүзүп алган айдоочунун окуясына кыргыз эли кайдыгер караган жок
Москвада топтошкон элди сүзүп алган айдоочунун окуясына кыргыз эли кайдыгер караган жок.
Учурда социалдык тармактардын колдонуучулары кырсыкка кабылган айдоочуну колдоо максатында "Биз сени менен" аталышындагы сөздөрдү жазып, мекендешибиздин бул окуяда акталып жана мекенине аман-эсен кайтуусуна тилектештигин билдирүүдө. Интернет колдонуучулар бул кокустан келген кырсык экенин айтып, айдоочунун күнөөсү жок экенин жазышса, кээ бир колдонуучулар бул окуяга өлкөдө жумуштун жоктугун айтып, бийлик өкүлдөрүн күнөөлөшүүдө. Ал эми жардам берем деген жарандар көп болуп жаткандыктан атайын эсеп ачуу демилгеси көтөрүлгөн.
Эске салсак, 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүндө мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кеткен. Мындан улам 8 киши жарадар болгон. Айдоочу күнү-түнү иштеп уктабагандыктан унаа айдап баратып уктап кеткенин милиция кызматкерлерине сурак берип жатканда айткан. Жол кырсыгы боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Москвадагы Кыргыз жараны сүзүп кеткен адамдардын ден соолугу жакшы

Ле журсо керек,ата энесинин,бала бакырасынын жанында
кыргызым эсен соо мекенибизге жетсек экен!!!