13 жашар өспүрүм зордуктады делген 6 жаштагы кыздын атасы: "Бала психикалык жактан жабыркайт, кызымдын оозуна арак куюп кордоптур..."
Аламүдүн районунун Кызыл-Бирлик айылында 13 жашар өспүрүм тарабынан ырайымсыз абалда зордукталды делген 6 жашар кыздын абалы дагы эле оор. Бул тууралуу кыздын атасы SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, кыз учурда Бишкектеги №3-балдар ооруканасында дарыланууда. Кыздын атасы баланын психикалык жактан ооруганын айтып, окуя тууралуу мындай деди.
“Ал күнү үйгө конок келген эле. Биз алар менен алаксып калыптырбыз. Кызыбыз короодо ойноп жүргөн, ал көрүнбөй калган соң издей баштадык. Сыртка чыгып кызыбызды шектүү баланын үйүнүн жанынан таптык. Кызымдын өңү боппоз, аябай корккон абалда экен. Мен дароо баланы издеп баштадым. Бирге ойногон балдардын айтымына караганда, кызым ойноп жатып мурду канап кеткен экен. Ага ошол өспүрүм бала жардам көрсөтөм деп ары көтөрүп кетиптир.
Ал кызымды ары алып барып, ага карата ырайымсыз түрдө зордук көрсөтүп денесин чийгилептир, оозуна арак куюптур. Дагы башка ыплас иштерди жасаптыр. Кызымдын ооруканага келгенине 6 күн болду. Абалы дагы эле жакшы эмес, жанына бирөөлөр келсе ыйлап, өзүн жаман сезип баштайт. Бүгүн медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкмак, күтүп жатабыз. Кызыма зордук көрсөткөн бала психикалык жактан ооруйт деп каттоодо экен. Мындан улам укук коргоо органдары балага карата эч кандай чара көрүлбөйт дешүүдө. Учурда баланын ата-энеси сүйлөшүү үчүн үйгө келип жатышат. Биз сүйлөшпөйбүз дедик.
Алардын баласы психикалык жактан ооруйт экен деп чара көрбөй койгон туура эмес. Ал дагы буга окшогон жоруктарды жасашы мүмкүн. Азыр биздин айылда баары балдарын короого чыгарбай коркуп калышты. Мурда да ал бала башка балдарды уруп-соккон учурлар болгон экен”, - деди ал.
№3-балдар ооруканасынын дарыгерлери болсо министрлик жактан буйрук болгонун айтышып, кыздын абалы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты.
Эске салсак, буга чейин Кызыл-Бирлик айылында 2011-жылы туулган Т.С. аттуу кыздын зордукталып ооруканага түшкөндүгү тууралуу кабарланган.
кошулду
13 жашар өспүрүм тарабынан зордукталды делген 6 жашар кыздын абалы оор


Атанесида баласын оорулу экенин билип туруп козомолдоп турса болмок?
Айдай кыздын тагдырын талкалаптыр,айыгып кетсин эми
Бала псих болобу башка болобу аны баары бир камоо керек же атасын же энесин камоо абзел..
Эмне аймакта псих деп учетто деп иш козголбойюу ыя?!
ХХХХХХХХХХ аймактык милиция!!!
Жап жаш 6 жашар кызды ошентип атышат ал кантип өмүр сүрөт бул зордуктоонун айынан ал кыз бүт өмүрүн коркуп жашап калат апээй?!
Ойлонбойсуңарбы?! Камагыла же ХХХХХХХХХХХ эртең эле психтыгын кылып бирөөнү өлтүрсөда тим койосу