Ысык-Көл. Каракол шаарында самбо боюнча эл аралык мелдеш өтөт
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун жаркын элесине арналган VII эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара Каракол шаарында 1-4-июль күндөрү өтүп, ага республиканын аймактарынан жана Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн спортчулары катышат. Кошумчалай кетсек, күрөштө 18 жашка чейинки улан-кыздар күч сынашат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:08
2026-11-20
14:28
2026-11-18
13:07
2026-11-18
17:10
2026-11-17
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















