super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда аңчылык сезону 13-декабрда аяктайт. Эреже бузгандарга айып пул канча?

 

Кыргызстанда аңчылык сезону үстүбүздөгү жылдын 13-декабрында аяктайт. Мергенчилер жаныбарлардын түрүнө жараша белгиленген мөөнөттөрдү жана уруксат берилген чектөөлөрдү сактоого тийиш экенин 17-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.

Тиешелүү талаптарга ылайык, Сибирь тоо текесине, эликке, каманга, кыргоолго жана кекиликке аңчылык кылуу белгиленген мезгилдерде жана уруксаттын негизинде жүргүзүлөт.

Мыйзамдуу аңчылык кылуу үчүн мергенчиде төмөнкү документтер болушу зарыл:
Мергенчинин күбөлүгү;
Жолдомо же маршруттук баракча;
Аңчылык кылууга тиешелүү уруксат кагаздары.

Маалыматка ылайык, быйыл 133 баш аркар-кулжага аңчылык кылууга уруксат берилген. Ал эми жапайы жаныбарларды атуунун жылдык чеги 150 баштан ашпоого тийиш.

Мыйзамсыз аңчылык кылып, жапайы жаныбарларды өлтүргөндөр келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү. Анын өлчөмү жаныбардын түрүнө жараша белгиленет. Мисалы, ак илбирс үчүн 2 миллион сом, аркар-кулжа, марал жана күрөң аюу үчүн 1,5 миллион сомдон, Сибирь тоо текеси үчүн 300 миң сом айып пул каралган.

Белгилей кетсек, аңчылык сезону "Аңчылык жана аңчылык чарбасы жөнүндө" мыйзамга жана Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы №55 токтомуна ылайык жөнгө салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: