"Урал аба жолдору" авиакомпаниясынын учагында төрөлгөн балага Уралбек ысымы ыйгарылды





Учакта төрөлгөн балага Уралбек ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору билдирди.
Маалыматка ылайык, орусиялык "Урал аба жолдору" авиакомпаниясынын учагында көз жарган айымдын аты Махбуба Сермаматова. Дарыгерлердин айтымында, ал август айында көз жармак, бирок учак абага көтөрүлгөн маалда кош бойлуу келиндин суусу кетип төрөтү башталган. Учакта салмагы 2 килограмм 600 грамм, бою 45 сантиметр болгон уул бала төрөлгөн.
Учакта төрөлгөн балага ата-эне "Урал аба жолдорунун" атынан Уралбек аттуу ысым ыйгарышкан. Азыркы тапта эне-баланын абалы жакшы.
Айта кетсек, 7-июль күнү Оштон-Екатеринбургга чыккан учакта кош бойлуу жүргүнчү көз жарган. Учак абага көтөрүлгөндө Сермаматова коштоочу-инструкторго кайрылып ичи ооруп жатканын билдирген. Коштоочу жардамга келген маалда кош бойлуу келиндин суусу кетип төрөтү башталып калган. Татьяна Булаева, Ольга Ковалева, Анастасия Пугаченко, Татьяна Юрьева баштаган коштоочулардын жардамы менен 15 мүнөттөн кийин жарык дүйнөгө уул бала келген. Учактын экипажы эне-баланын коопсуздугу үчүн кайра аэропортко конуп аларды дарыгерлерге өткөзүп берүүнү чечкен.
кошулду
Учакта төрөлгөн наристеге Уралбек деген ысым берилди

Кайсы мамлекеттин авиакомпаниясы менен учса,
Кайсы мамлекеттен болсо жана кайсы мамлекетке консо