Базар баасына баам салып: Ишкерлер өлкөдө унаалардын баасы кардарлар күткөнчөлүк арзандабай турганын айтышат
Бишкектин четинде жайгашкан бул унаа базары 10 миңден ашуун машинага ылайыкташкан. Өлкө ичинде унаанын саны көп экендиги, бирок өлкөдөгү автопарк жаңылоого муктаж, эски унаалардын саны арбын деген кептер айтылып келет.
Өлкөнүн автопаркын жаңылоо, электр-гибриддик кыймылдаткычтуу унааларды ташып келүүгө көмөк берүү максатында ушул жылдын 10-июлунан тартып өкмөттүн токтому менен сырттан ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөдү. Ага ылайык бензин жана дизелдик кыймылдаткычтуу автоунааларга карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү өлчөмү 2014-жылкы көрсөткүчкө чейин төмөндөтүлөт. Тактап айтканда, чыгарылган жылы, унаанын үлгүсү, кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша бажы төлөмдөрү 2 эседен 10 эсеге чейин төмөндөйт.
Мындан улам коомчулук арасында "Эми унаалардын баасы болуп көрбөгөндөй арзандайбы?" деген үмүт пайда болду. Учурда базарда баа кандай жана керектөөчүлөр күткөн баа болобу? Муну билүү үчүн биз унаа бизнеси менен эмгектенгендерден абалды уктук.
Бул сатыкта турган Лексус-570 унаасы. 2008-жылы чыгарылган темир тулпарды кожоюну 32 миң долларга бере турганын, баасын мындан бир аз түшөрүн айтат. Ал эми келген кардар унаага болгон баа мурункудан эч кандай өзгөрбөгөнүн билдирип, бажы төлөмдөрүнүн төмөндөшү унаа рыногуна таасир этпейби деп суроо салат?
Мындай суроого 10 жылдан бери чет өлкөдөн унаа ташып, сатып иштеген Алексей Ботников жооп берди. Учурда бул ишкердин базарда премиум класстагы 20 чакты унаасы бар. Бул унаалар бажы төлөмдөрү төмөндөгөнгө чейин алып келинген.
"Автоунааларга карата бажы алымдарынын төмөндөгөнүнө байланыштуу бардык унаалардын баасы төмөндөйт деген ой жаңылыштык. Андай болбойт, маселен биз Европа өлкөлөрүнөн, Грузиядан, Араб Эмираттарынан алып келген унаалар бар, ал жакта унааны бизге бекер эле берип койбойт да, сатып алабыз, кээде бир унааны алып келүү 3 айга созулат, анын канча эмгеги бар. Айрым үлгүдөгү унааларга Тойота Секвойя, Lexus GX унааларынын баасы акырындап бир аз түшүшү мүмкүн.
Азыр базар баасы бир аз төмөндөдү, анткени кардарлар бажы төлөмдөрү төмөндөдү, унаа арзандайт деген кепке катуу ишенип алып ошол учурду күтүп, машина сатып алуудан карманып турушат. Буга байланыштуу сатуучулар бааны азыраак арзандатууга аргасыз. Бирок керектөөчүлөр баалар укмуш төмөндөп кетет деп күткөнү туура эмес, анткени ишкерлер кетирген чыгым бир эле бажы төлөмдөрү эмес да", - деди Ботников.
Алексей өлкөнүн автопаркынын жаңылануусуна абдан тилектеш экендигин, бирок ал унаалардын баасын бардык эле айдоочулар көтөрө албастыгын белгилейт. Мындан тышкары бажы төлөмдөрүнүн баасы азайгандан бери өлкөгө унаа алып кире электигин, буга байланыштуу алып келүүдөгү чыгымдардын айырмачылыктарын сезе электигин кошумчалайт.
Адилет Асанкулов унаа алып келип, сатып иштегенине 8 жыл болгонун айтат. Анын пикиринде, техникалык жактан эскилиги жеткен унааларды азайтуу - туура, көптөгөн кырсыктар жоюлуп, экологияга зыян алып келүү азаят.
"Мен Land Cruiser-200 унаасын 26 миң 500 долларга сатам деп отурам. 2 ай мурун 28 миң доллар болчу, азыр кардар аз болгонуна байланыштуу баа бир аз төмөндөдү. Бул качан сатылат белгисиз, а негизи жыл ичинде 100дөй унаа сатам. Азыр эл бай, унаа алам дегендер көп, сатылып кетет", - деди ал.
Базардагы кардарлардын мында келгендеги таржымалы ар кандай, арасында чет элде бир топ жыл иштеп келип, топтогон каражатына унаа алууну көздөгөнү, жөн гана чакан белек катары эсептеп кызына, жакын адамы үчүн алууну каалаганы бар. Күнүмдүк тиричиликти жеңилдетүү үчүн унаа айдайын дегени да, эл эмне дейт, машина тээп жүрөйүн деп келгени да бар.
Алардын бири 80 гектар жер иштетип, түшүмүн жыйып, натыйжада унаасын жаңылоо үчүн келген Кубанычбек Жаманкулов. Бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөдүбү же жогоруладыбы, бул маселе Жаманкуловду көп деле кызыктырбайт. Болгону өзү көптөн бери самап жүргөн унаасын алганын кубанычта.
"Тойота камри унаасын алдым, 12 миң доллар экен, баасы мени канааттандырды, өзүм көптөн бери кызыгып жүрүп бүгүн жеттим", - деди ал.
Унаа базарында жүрүп кыргыз арасында кенен айтылган – "Бутка туруп үй алам, унаа алам" деген кеп эске түштү. Унааны жашоочулар бутка туруудагы сап башында турган мүлк катары көргөндүктөн, бул базардагы соода кызуу жүрүп келет.
Ал эми баа жана өлкөдөгү автопаркты жаңылоо тууралуу айта турган болсок, бул тармакта иштегендер бажы төлөмдөрүн азайтып коюу менен гана айдоочуларга жалаң жаңы, кымбат унааларды алдыруу мүмкүн эмес экендигин айтышат. Анткени көпчүлүктүн капчыгы баары бир өлкө ичиндеги эски унааларга чак келет.
кошулду
Бажы төлөмдөрүнүн төмөндөшү өлкөдө унаалардын баасына кандай таасир берет?














1 |