super.kg logo

Бишкек шаардык кеңешиндеги фракциялардын аттары жазылган куурчактарды митингчилер таштандыга ыргытып кетишти

 

Бүгүн, 8-августта Бишкекте шаар мэрин шайлоо өттү. Буга байланыштуу мэриянын алдында жарандык активисттер митингге чыгышты. Ага катышкан Асия Сасыкбаева шаардык кеңештин депутаттары таркап кетишсе, мамлекетке эч зыян болбойт деген пикирин айтты.

Ал: "Балким, кайра жакшы болот. Ал жерге олигархтардын балдары, курулушчулар топтолуп калган. Алар маселени өз кызыкчылыгы үчүн чечкенге умтулушат да. Эми мына альтернативи жок бир адамды мэр кылабыз деп жатышат. Жарандык активисттер мыйзамды бузбагыла деп чогулуп жатышат", - деди.

Чогулган активисттер ачык шайлоону көрүү үчүн мэриянын имаратына кирүүгө аракет кылышты. Равшан Жээнбеков ызы-чуу болуп кетишин эскерткенден кийин митингге келгендер атайын 7 делегатты тандашты. Бирок милиция кызматкерлери мэриянын имаратына кирип, шаардык кеңештин жыйынына катышам деген делегаттарды киргизген жок.

Чогулган жарандык активисттер колунда кармап турган куурчактарды жерге ыргытышты. Куурчактарда фракциялардын аталыштары менен кошо "Мамлекеттик тил комиссиясы", "Шаардык кеңештин депутаттары" деген жазуулар бар эле.

Андан соң "шаардык кеңештин депутаттары куурчак, алардын орду таштандыда" деп активисттер колундагы куурчактарды таштанды челекке таштап салышты.

Митингге чыккан жарандык активисттердин талаптары колундагы плакаттарда жазылган.
"Балдар аянтчалары курулушчулар үчүн эмес, балдар үчүн!"
"Бала бакчалардын имараттары балдарга берилсин!"
"Коррупцияга жол жок!
"Шаардагы башаламан курулушка жол жок!"
"Прокуратура, мыйзамдуулукту жана жарандарды корго!"
"Прокуратура, сейил бактагы жерлерди кайтар!"
"Мэрия, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүн кайтар!"






Бишкек шаарынын мэрин шайлоо учурунда активисттер митингге чыгышты

Автор: Наргиза Өмүрбек кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
08.08.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акчам болсо менда мэр болсом болот экен деген ойго келип отурам. ХХХ бири Ошто бири Бишкекте мэр болду. Бул акмактыкбы же корупцияга баткандыкбы же команда түзмөйбү. Неси болсода эл үчүн жакшы иштерди жасап бергиле эми.....
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-08 14:03:38
08.08.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ermekbai, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келитрген билдирүү калтырууга тыюу салынган!
08.08.2018. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ermekbai,бол да сени Ким тосуп атат
08.08.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сокенин озуно окшогон кадрлары...

Уят, уят...

1000 сомго добушун сатып депутат, президент шайлаган эл сага уят баарынан...

Ошол 1000 сомго добушунду, келечегинди саткыча адал мээнетин менен тапсан больойбу ошол 1000 сомду?!!

Кара, кунубуз коррупционерлерге калды...
08.08.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Chagylgan1,сен точно эле Фарид окшойсун жаман эле активныйсынго кайсы жерди караба сен, озуну да жаман коруп калдын болуш керек мындай кетиште
08.08.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тема боюнча эмес шайланган мэр боюнча: 43 жепжутат добуш берди дейт калгандары кайда декретке чыкканбы?
08.08.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми баарын тушунсо болот. Но кичикей балдарды миттингге чыгарбай эле коюшса болмок.. алар эмнени тушунушмок эле... это черезчур, урматтуу "активисттер"!!!!
SUPER.KG видео
08.08.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суракматовго азыр баа берүү эртелик кылат пикирчилер. Андан көрө ар бирибиз Суракматовго колдоо көрсөтүшүбүз керек. Шаарга бир эле Суркматов эмес катардагы жарандар дагы кызыктар болсо ошондо гана шаар өнүгүү жолуна түшөт.
SUPER.KG видео
08.08.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албеке окшоп бул силерди снайпер менен аттырам дебейтатко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: