super.kg logo

Бишкектеги эт комбинаттагы өрт дале өчө элек

 

Бишкектеги эт комбинаттан 9-август күнү түн ичинде чыккан өрт дале өчө элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Ыкыбал Абдираимованын SUPER.KG'ге 10-августта кабарлашынча, учурда аталган жайда эки өрт өчүрүү тобу иштеп жатат.

"Жалпы жонунан өрт толук өчүрүлүп бүтө элек. Учурда эки топ өрт өчүрүү шатысы менен имараттын дубалдарынан чыккан түтүндөрдү толук өчүрүү аракетин көрүп жатат. Анткени дубалдарга чапталган пенопласт түтөп жатат. Өрт өчүрүү дагы канча саатка созула турганы азырынча белгисиз. Тилсиз жоонун кесепетинен имараттын жалпы 5 миң чарчы метр аянты күйүп кеткен", - деди Абдираимова.

Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 5 кабаттуу эт комбинатынан 9-августка караган түнү өрт чыгып, тилсиз жоо тууралуу маалымат ӨКМга саат 4:53тө келип түшкөн. Айтылган дарекке жалпы 5 өрт өчүрүү тобу тартылган.






Бишкекте эт комбинатынан өрт чыгып, 5 кабат имарат өрттөнүп кетти

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.08.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмики жылы түштүк кореядан өрт өчүргүч машина келсе өчүрөсүңөр .Мен таң калам өткөндө таласта токой күйгөндө казакстан өчүрүп берди деп сүйүнүп чыкты не деген сөз бир комбинатты өчүрө албаса.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: