Кыргызстанда бааларды турукташтырууга 36,6 миллиард сом талап кылынат
Кыргызстанда 2026-2027-жылдары товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын өсүшүн турукташтырууга 36,6 миллиард сом талап кылынат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин бекиткен планы 57 иш-чарадан турат. Анын 32си айыл чарба жана кайра иштетүү тармагына тиешелүү болуп, аларды ишке ашырууга 29,4 миллиард сом багытталат.
Иш-чаралар мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү, сактоо жана логистиканы, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө, ички рынокту камсыздоого жана бааларды жөнгө салууга багытталган.
Ошондой эле 2026-жылы агроөнөр жай комплексин колдоого 13 миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын январь-июль айларында керектөө баалары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,7 пайызга өскөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















