Базарда баштык терип энеси менен инисин баккан өспүрүм кыз эми жардамга муктаж болгон балдарды жакшы жашоого шыктандыруу менен алектенет





Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип, майыптар арабасында отурган энесин жана бир тууган инисин багып жүргөн өспүрүм кыз Айчүрөк Сулайманова азыр 16 жашта. Ал буга чейин "Ош базарында" баштык терип сатып, үй-бүлөсүн бакканы менен белгилүү эле. Коомдо анын тагдыры талкуу жаратып, көпчүлүк жардам колун сунган.
Эми ал балдардын укуктары боюнча эл аралык KidsRights фондунун (The International Children’s Peace Prize) грантына ээ болду. Бул тууралуу 17-августта Балдарды коргоо борборунан билдиришти.
"Айчүрөк Сулайманова эл аралык уюмга жөнөткөн долбоордун максаты - балдарга укуктары тууралуу маалымат берүү, жакшы жашоого шыктандыруу жана туура жолду тандоого көмөктөшүү болуп саналат. Долбоордун алкагында жаңы конуштарда жашаган кыздардын потенциалына көп басым жасалат. Айчүрөк туура максат коюу менен бардык нерсеге жетсе болорун көрсөттү. Долбоордун алкагында тренингдер өткөрүлүп, окуучуларга турмушта болгон окуялар театрлаштырылып көрсөтүлүп турат", - деп айтылат маалыматта.
кошулду
Майып энеси менен инисин баккан өспүрүм кыз эл аралык сыйлыкка ээ болду


ОЗУ эле багып коймок десен