Кол чатыр болбосо, чоң чатыр бар. Оштун көлөкөдө отурган жетекчилери сынга кабылды






Бүгүн, 31-августта өлкөдө эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы белгиленип жатат. Аталган майрам Ош шаарында да белгиленип, анда шаардын борбордук аянтында облус башчысы Узарбек Жылкыбаев менен мэр Таалайбек Сарыбашовдун майрамдык салтанатка көз салып жаткан учурунда тартылган сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууга кабылды. Ошол эле учурда президент Сооронбай Жээнбековдун экс-президент Роза Отунбаева, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрөгасы Дастанбек Жумабеков, Бишкектин мэри Азиз Суракматов, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшенбиев, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын Бишкектин борбордук аянтында тартылган сүрөтү менен салыштырышууда.
Андан сырткары Оштун жетекчилери президенттен айырмаланып, жумшак отургучтарда отурушканын, салтанатка чакырылган аксакалдар күндүн алдында жөнөкөй эле отургучтарда орун алгандарын сынга алышууда.
Сарыбашов 2016-жылы да эл аралык иш-чаралардын биринде тартылган сүрөтү аркылуу коомчулуктун сынына кабылган. Анда облус башчысы кол чатырын артындагы кишиге карматып отурган.
кошулду
Оштун көлөкөдө отурган жетекчилери сынга кабылды


Демек, ошого окшогон адамдарды бийликке алып келген Сокенин да жоопкерчилиги бар. Акыры келип олко башчы катары мындай кадрларына жооптуу...
Мектепте бир мугалим чектен чыккан жоругу учун мектеп директору жоопкерчилик алат го, ошол сыяктуу эле, Соке да жоопкерчилик алышы керек...
меерлердин козго коруноор иши жок ар майрамдарда бир елге таанылып койот