Транспорт башкармалыгы: "Бишкекте 223-маршруттук таксинин айдоочусу пенсионерди салбай кеткендиги боюнча кызматтык териштирүү дайындалды"



Бишкекте 223-маршруттук таксинин айдоочусу пенсионерди унаасына салбай койгон. Бул тууралуу интернет колдонуучусу социалдык тармакка жазып, окуянын видеосун жүктөгөн.
Анда: "Бүгүн мени таң калтырган окуя болду. Буга чейин мындай окуяларды видеого тартчу эмес элем. Бул жолкусунда кайдыгер карап өтүп кете албадым. Биздин өлкө "баатырларын" билиши керек. Жол чыракта токтоп туруп, улгайган чоң атаны көрдүм. Чынын айтсам, тыйын сурайт деп ойлогом. Бирок ал түз өтүп барып маршруттук таксинин эшигин тартты. Мен эшик ачылбай калган окшойт деп ойлоп, атага жардам берүү үчүн барсам, айдоочу эшигин бекитип алыптыр. Мындай кантип болсун! Ата кайырчы эмес, болгону жупуну кийинген пенсионер. Унаам менен жеткирип коёюн десем шашып жаткан элем. Жанымда болгон 100 сом акчамды берип жолумду уладым", - деген билдирүүсүн калтырган колдонуучу.
Бишкек мэриясы айдоочу менен биргеликте "Кут консун" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси шаардык Транспорт башкармалыгына чакырылганын билдирди. Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча Транспорт башкармалыгы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте териштирүү жүргүзөт.
Маршруттук таксинин айдоочусу унаасына карыяны салбай койду
Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу улгайган адамды унаасына салбай кетип, сынга алынды







1 |