super.kg logo

Колу чирип кетип каза болгон 8 жашар кыздын окуясы. "Биринчи жардамды көрсөткөндө ишимди так аткаргам, бирок кысып салган деп күнөөлөп жатышат" дейт дарыгер (абайлаңыз, сүрөт)

 

10-сентябрда колу чирип кеткен 8 жашар кыз каза болгон. Чолпон-Ата шаарындагы ооруканада иштеген дарыгер Кубаныч Абдураззаков бүгүн, 17-сентябрда SUPER.KG порталына "биринчи жардамды көрсөткөндө ишимди так аткаргам, бирок кысып салган деп күнөөлөп жатышат" деп билдирди.

"8 жашар кыз 3-сентябрь күнү Григорьевка айылындагы үйүндө жыгылып колун сындырып алат. Чоң энеси бул жөнүндө кеч билет. Чынбы же жалганбы билбейм, бирок элдин айтымында, кыз жыгылганда - агасы колуна топурак сээп, кагаз менен сүртүп канын токтоткон экен. Анан сөөк оңдогон адамга да барышканын айтып жатышат. Ошол күнү кыздын чоң энеси Кырчында жүргөн деп да айтышууда.

Алар мага окуядан эки күн өткөндөн кийин 5-сентябрь күнү 10:45тер чамасында келишти. Чоң энеси кызды жыгылып түшүп сол колун кокустатып алганын айтты. Ага чейин ооруканага барышкан эмес экен. Колунда рентген сүрөтү бар экен. Мага кайрылган кезде кыздын колун бир ирет толук текшердим. Колунда 2-3 миллиметрдей ачык жаракат бар экен. Ал бүтүп бара жаткан экен. Эч кандай ириң же башка оорунун өрчүп кеткендеги белгилери көрүнгөн эмес. Тазалап жатканда йод сүйкөлгөнүн да көрдүм. Кийин колун гипс лентасы менен байлап, күн сайын алмаштыруу үчүн келип турушу керектигин эскерттим. Кыздын чоң энеси жол алыстыгын, келүүгө шарты жок экенин айтты. Ал "мага Ананьеводогу ооруканага баруу ыңгайлуу болот" дегенде анда ошол жактагы дарыгерлерге көрсөтүп туруңуз дедим. Күн сайын гипсти алмаштырбаса кыздын колу ириңдеп кетиши мүмкүн экенин айткам. Министрликтин буйругу боюнча мен аскердик комитетке барышым керек эле. Саат 11 жарымда чыгып кетип жатып "азыр дагы бир жолу кыздын колун рентгенден өткөрүп, ооруканадагы башка хирургдарга да көрсөтүңүз" дедим.

Коомчулукта туура эмес маалыматтар тарап жатат. Анда мени гипс койгондо кол кысылып калган деп күнөөлөшүүдө. Мен биринчи жардам көрсөтүп, сунуштамаларды айттым. Чоң энеси биздин ооруканага келе албайм деди. Мен аны бизге кел деп мажбурлай албайм да.

Алар 6-сентябрь эмес, 7-сентябрь күнү Ананьевого барат, ал жердеги хирург колун көрүп, гипсти которуп кайра үйүнө кетирип жиберет, эртеси күнү 8-сентябрда кайра Ананьевого келсе аны хирург көрүп, колу гангрена болуп баратканын айтат. Кыз кийин Бишкекке жеткирилген", - деди дарыгер.

Айта кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кыз оор абалда келип түшкөнүн билдирген. Ал маалда кыздын колу чирий баштаган. Дарыгерлер дароо операция жасап кыздын колун кесишкен. Кыздын абалы турукташканы менен, 10-сентябрь күнү таңга маал көз жумган. Азыркы тапта Чолпон-Атадагы бириктирилген ооруканасынын дарыгерлеринин ишине баа берүү үчүн комиссия түзүлгөн.


кошулду





8 жашар кыздын чирип кеткен колу кесилгенден кийин көз жумган. Дарыгер "мен ишимди так аткаргам" дейт

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(29)
17.09.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Атандын кору дунуйо кайдыгерлик.Оз иштерин так аткарбагандык жаш наризтени куратты
17.09.2018. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
fora,оз апасы гана куйот балага жок дегенде 15жашка чейин озунор карагылачы, жер тырмап иштесенер дагы. Аттин ай оорусуна кантип чыдады экен байкуш кыз....
17.09.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Оз ишин так аткарган кундо да, чон энеси небересин карабай эмне Кырчында журот?
17.09.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Врачта деле куно жок да, карабайбы анан небересин? 2 кундон кийин келбей.
17.09.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Кызга аябай боорум ачыды,,канча оорутууну башынан откорду бечара,жаткан жери жайлуу болсун.Ушунча болуп калгыча,,,карабай жургондор аман эле болгула!
17.09.2018. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кээ бир адамдар адамга малдай кайдыгер карашат да.
17.09.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Кыргыздар кулап эсин жоготуп калмайынча журо беребиз. анан эле врачтарды куноолоп жатып калабыз.
17.09.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кыздын энеси кайда?
17.09.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кайдыгерлик,колун кокустаткан куну небересин алып барып жатып албайбы больницага жол алыс болсо,журо.берди да каамырабай,илгери озу эле бутуп кетчу деп
17.09.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Өзүлөрүнүн күнөөсүн билип туруп деле, бирөөнү ала жатыш керек да, чоң энеси кайдыгер болгон. Үйүндө чоң энесинен бөлөк чоң киши жок го, ал сыналекте кетсе керек, тойду көрөйүн деп. Анан кырсык болду. Өз энеси Россияда экен делип жүрсө керек.
17.09.2018. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Aikaaaa,кемпир кок бору корбосо эмне.ишенип таштап кетсе, карабай эмне кылып журот,жоопко тартыш керек,жоопкерчиликти сезишсин,балдары ишенип таштап кетишсе
17.09.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Врачта куноо жок.Чон энеси оз убагында алып барыш керек эле.
Бул врачка откондо мен корунгом оз ишин так аткарат экен.(мактагандык эмес)
17.09.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай окуя биз жакта да катталган ал сегиз жаштагы небереси кайнак сууга мойнунан ылдый куйуп больницага алып барбай журо берген экен апасы видео званок кылса башын эле корсотуп коет экен акыры тубуно жеткен байкуш апасына сабр убагында алып барса жакшы болмок беле. Баары кеч атттин дунуйо экенда
17.09.2018. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ачык жаратты топурак мн тазалайбы анан? Микроб жугузуп.2 кун сыныкчыга барбай сразу больницага жетиш керек эле. Эми врач куноолуу экен. Чон энеси эркекпи эмне Кырчында кок бору коргудой. Эми мынтип чыкканы туура эмес
17.09.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Куноо энесинде,эмне учун убагында алып барбайт! Озубуздоку куноону да сезиш керек!кенебестиктин айынан ушул болуп жатат,корсотмону убагында аткарыш керек!орустар тишине щетканын кылы тыгылып калса дагы врачка барат,эч качан Оз алдынча болушпайт,врачтын корсотмосун жасашат
17.09.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай сактасын тооба кылдым.
17.09.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тыкыр иликтоо жургузуп чынында шалаакылык болсо камаш керек ...Кудай сактасын элестеткиле 8деги кызын колу сынып эле каза болуп калса
17.09.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анда мени гисп койгондо кол кысылып калган деп күнөөлөшүүдө. Мен биринчи жардам көрсөтүп, сунуштамаларды айттым. Чоң энеси биздин ооруканага келе албайм деди. Мен аны бизге кел деп мажбурлай албайм да. ГИПС деген жери ката ондоп койгула.
17.09.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жол алыс болсо больницага жаткырыш керек болчу,8деги Кыз ОЗУ жата бермек,Эгер чон энеси башка неберелерин каралбай калат десе
17.09.2018. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Журөгум жаман ооруду байкушум,жаны расса ооруптурда,ушунча болгуча неге апарбайт.Алыс болсо не болот эми өзү деле күнөөлү болуп өзүн өзү жеп бүтөт ойлонуп.
17.09.2018. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сынса гипс кылып 16күндө чечетго. Бул жерде эмнени туура эмес кылган. Же сөөк этке кирип кеткенби
17.09.2018. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aszyma, Соок сынганда кол шишиши мумкун ошол учун алмаштырып туруу керек эле. Алмашпай койгон учун кол шишиген да кан отпой калган ошондуктан ганрена болуп кеткен. Тилекке каршы
17.09.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гипсти 10-15-20күндө чечет деп угуп жүрөм. Ошого сураганым.
17.09.2018. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздын да балким сөөк оорулары бар го,сынгандан эле ушуга жетсе. Өз туугандары күнөөлүү, врачтар эмес. А бирок эмнеге гипсти күнүгө чечип туруш керек болгон. Чоң кишиники сынса деле бир гипстеген боюнча, бириккенче чечпейт го
18.09.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aikaaaa,открытый перелом болгон турбайбы ошого гипс ти улам чечип тазалап туруш керек го
17.09.2018. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
байкушум аллахым жайын жанната кылсын
17.09.2018. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чынында биз кыргыздар ден соолугубузга ото кайдыгер карайбыз чоон жараат алсак дагы айыгып кетет деп кебелбей журо беребиз аягы ушундай кайгылуу окуя менен бутот аябай окунучтуу жаш наристенин коз жумганы
18.09.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир эле врачты куноолой берген туура эмес да. Куноо оздорундо да бар, эки кун эч жака алып барбай, жолдогу тыгындарды шылтап. Демейде, балан кулап тушсо эле, жанын чыгып, озунду коерго жер таппай каласын го, тезинен ооруканага алып барып.
18.09.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кеч барган учун ушундай окуя болду да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: