super.kg logo

Көздүн ордуна 2 шишик менен төрөлгөн ымыркайдын атасы үйлүү болду

 

Көздүн ордуна 2 шишик менен төрөлгөн Табарактын үй-бүлөсү турак жайлуу болушту. Жагымдуу кабары менен бөлүшкөн Асилбек Нуркамил уулу бүгүн үйлүү болушканына жана уулуна операция ийгиликтүү жасалганына түлөө өткөрөрүн айтты.

"Уулум Табарактын жүрөгүндө кемтик бар дешкен эле. Май айында операция жасалды. Буюрса, азыр жакшы. Көзүнө операция жасоо үчүн дагы убакыт керек экен. Оштогу курулуш компаниясы бизге 1 бөлмөлүү батир берди. "Ак ниет аманат" коомдук фонду демилге көтөрүп, элден чогулган каражатты кошуп жалпы 3 бөлмөлүү батирлүү болдук. Оңдоо иштери да ошол каражаттын ичинде болду. Бүгүн саат 5 жарымда элден бата алайын деп түлөө өткөрүп жатабыз", - деди Асилбек Нуркамил уулу.

Эске салсак, Асилбек Нуркамил уулунун 2 көзү тең көрбөйт. Ал үйлөнөрдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз издеп, 2012-жылы Жазгүл аттуу кызга үйлөнгөн. Улуу кызы Хафиза ден соолугу чың төрөлгөн, бирок сүйлөө жагынан аксайт. 2-кызы Басиранын да көзү азиз. 3-баласы Табарак көздүн ордуна 2 шишик менен төрөлгөн. Оштон Бишкекке келип, баласын ооруканага көрсөткөнгө акчасы жок, кыйналып жаткандарын айтып Нуркамил уулу SUPER.KG порталына интервью берген. Ал маегинде үй-бүлөсү менен 7 миң сом төлөп ижарага алган батирде жашай турганын айткан. Жашоонун татаалдыгы жанга батты деген түгөйлөр кээде балдарын дарылатмак түгүл, наны жок калган күндөрү да болгонун айтышкан эле.

"Жок дегенде үстүбүздө үйүбүз болсо да жашоонун кыйынчылыгы анча билинмек эмес беле...", - деген каарманыбыз ипотекага үй алууну да ойлогон. Үй куруучу ишканаларга барып шарттарын билейин дегенде эле босогодон "сен акчаны кантип төлөмөк элең, өзүң майып болсоң" деген жооптор менен узатышкан. Бүгүн болсо үйлүү болуп, кубанып турган кези.


кошулду





"Уулумдун көзүнө операция жасаталы десек наркоз көтөрө албайт" дейт ата

Автор: Назгүл Долоткелдиева, Сүйүн Кулматова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(17)
SUPER.KG видео
22.03.2018. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Allahim ozun keremetsin,шишиктин ичине коз пайда болуп калса экен
SUPER.KG видео
22.03.2018. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура айтат чет жакта жашагандар сураштырып коргуло балким жардам болуп калаар.Медицина онукон олколор копко.
SUPER.KG видео
23.03.2018. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кылычбек Султанов Туштук Кореяда элчи эмеспи,балким жардам берип ошол жакка алып барса кантет? Супер комоктошсонуздор балким ишке ашат.
SUPER.KG видео
23.03.2018. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
откондо башка сайттан чала-бала коруп очередной монтаж сыяктуу го деп ишенген эмесмин чын экен го.
дуба кылалы туугандар дуба кылалы Аллах мн тузмо-туз намазда именно кичинекей Табарак учун. Аллах айткан намазда сураган дубаны кабыл кылбай коюудан уялам деп.барыбыз сурайлы.Аллахым кудуреттуу зат бардыгы Аллахтан тезирээк шифаасын берсин.
19.10.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Конушунуз жайлуу болсун! Берекелуу, ак жолтой уй болсон, уй бергендерге жана жардам бергенддерге Аллах ыраазы болсун!
19.10.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үйдү "Нурзаман" компаниясы берди окшойт. Депутат Нурбек Алимбековдун демилгеси менен...
19.10.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жараткан Тенирим оорудан арылтсын.
21.10.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
i1urp,кайсы тенир ал ким?
19.10.2018. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кок Тенирибиз оорудан сактасын. Аман болсун.
22.10.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аллах сактасын дечи?!
19.10.2018. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы жанылык кут болсун , мындан ары сактанып эле алгыла наристегеда кыйын .
Bazana түзөттү 2018-10-19 16:56:50
20.10.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bazana,ооба, улам кийинки төрөлгөндөрү начар болуп келатыптыр. Төрөлгөн балага да, өзүлөрүнө да жаман, кыйнашып. Сактангандары эле туура
SUPER.KG видео
19.10.2018. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озун жардам бер Аллах Аллах Аллах оомин.
SUPER.KG видео
20.10.2018. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруп эч оюман чыкпай койду, кантип жардам берсе болот деп
20.10.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иий соонун кабар,жакшы эле болгон турбайбы,аябай кубанычтамын!!!!
22.10.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ма шаа Аллах! БаракаАллаху фиик! Жардам бергендерди Аллах бейиши кылып, эки дүнүйө бактылуу кылсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: