super.kg logo

Индонезиядагы кыйраган учак менен учпай калган адам эмне үчүн ага түшпөгөнүн айтып берди

 

"Lion air" компаниясынын туруктуу кардарларынын бири, Индонезиянын Каржы министрлигинин кызматкери Сони Сетьяван кырсыкка кабылган учакка эмне себептен түшпөй калгандыгын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкканын чет элдик маалымат булактары жазууда.

Белгилүү болгондой, Сетьяван ошол күнү башка кесиптештери менен биргеликте кыйраган учактын ичинде болушу керек болчу, бирок жолдогу унаа тыгынынан улам ал каттамга 10 мүнөт кечигип калган.

"Негизи уча турган болсом, Жакартага дайыма түнкү саат 3:00дөрдө келчүмүн. Бул ирет мен аэропортко саат 6:20да келип, каттамга кечигип калдым. Мен кырсык болгонун Панкалпинанга башка каттам менен учуп келгенде гана билдим. Жакындарымдын баары жаңылыкты угуп алып ыйлап, мени да каза болду деп ойлоп жатышкан экен. Аларга менин абалым жакшы экенин жана башка учак менен келгенимди айттым. Мен тагдырыма ыраазымын", - деп билдирген Сетьяван.

Айта кетсек, Жакарта-Панкалпинанг каттамы боюнча сапарга чыккан учак кырсыкка кабылып, анын ичиндеги бир дагы жүргүнчү аман калган эмес.






Индонезияда кыйраган учак: Каттамга кечигип келген жүргүнчү аман калды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.10.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ажалы жетпесе бей ажал чымын да олбойт
30.10.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ичээр сууң, көрөр күнүң бар экен эле да Сони Сетьяван !
30.10.2018. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Койногун менен туулган экенсин
30.10.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ажалын жетпесе ар нерсе шылтоо болуп калып каласын, ажалын жетсе шылтоого да карабай алатго.
30.10.2018. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен түшүнбөй калдым, ал киши оз сөзүндө мен Жахартага саат 3 келчуумун бул ирет кечигип саат 6.20 келдим дейт анан кайдан 10 мүнөт кечигет ошого түшүнбөй калдым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: