Бишкекте дайынсыз болуп 3 күндөн соң табылган келиндин жолдошу: "Келинчегим өзү мага байланышка чыкты"
Бишкекте 3 күндөн кийин табылган Гүлмира Ташпулатова шаардагы Жал кичи районунан табылганын анын жолдошу Закир Аманбаев SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, жубайы жолдошуна өзү байланышка чыккан.
"Жубайым табылып, эмчектеги балабызга жакшы болду. Күлкүсү чыгып, апасы менен болуп жатат. Мен аялымдын кайда, эмне кылып жүргөнүн толук сурай элекмин. Ал азыр толук өзүнө келип эс алсын деп жатабыз. Үч күндүн ичинде анын курсагы ачканын, бир аз үшүп калганын байкадык. Бирок денесинде эч кандай жаракат жок. Ден соолугу да туруктуу экен. Мага Жал кичи районунан бир аял байланышка чыгып, анын ошол жакта экенин айтты. Кандайча номерди алганын сурасам, Гүлмирага көчөдө жүргөн жеринен чакырып чай берген соң, ал менин номеримди эстеп телефон чалдырыптыр. Менин оюмча, ал үйдөн чыккан соң Жал аймагында эле жүргөн окшойт. Кимде ким жубайымдын табылуусуна көмөк көрсөткөн болсо, ыраазычылыгымды билдирем", - деди Закир Аманбаев.
Эске салсак, Гүлмира Ташпулатова 27-октябрда үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз жоголуп, 30-октябрда табылган. Ташпулатованын жолдошу "Жубайым төрөттөн кийин өзүнөн өзү эле эсин жоготуп коюп жаткан. Бирок дем салдыргандан кийин жакшы болуп бараткан. Ал үчүнчү балабызды июль айында төрөгөн" деп билдирген болчу.
кошулду
Төрөттөн кийин эс тутумун жоготуп, басып кетип жүргөн келин 3 күндөн кийин табылды

Андай оорусуна точный диагноз койалбайт врачтар. аны ичип кор муну ичип кор..
Бул келиншек да ошентип ооруйт сыяктуу.
Кудай колдоп айыгып кетсин!