SUPER TV: Махбурет Карабаева: "Кыздарымдын келечегин ойлоно берип, көзүм да көрбөй калды"
Махбурет Карабаева 4 баланын энеси. Анын 2 кызы туулгандан тартып шал оорусу менен жабыркап, өз алдынча баса алышпайт. Мындан улам эч жерде иштебестен, кыздарын карап үйдө отурат. Ал эми жолдошу борбордогу базарлардын биринде күндүз араба түртүп, кечинде желим чогултуп иштеп, үй-бүлөсүн камсыздайт.
"Жолдошумдун тапканы тамак-ашыбызга араң жетет. Кээде балдарды ооруканага көрсөткөнгө шарт болбой калат. Кыздарымдын бири 13, экинчиси 5 жашта. Экөө тең баса албагандыктан жөрмөлөп жүрүшөт. Андыктан кийимдери бат эле жыртылып кала берет. Өзүм алардын келечегин ойлоно берип, бир көзүм жакшы көрбөй калган. Жолдошум да ичинен сыгылат окшойт, жумушта жүргөндө эс-учун жоготуп коёт экен. Кантсе да эркек да, аны менден жашырат", - дейт ал.
Төмөндө Махбурет Карабаеванын тагдырын чагылдырган видеорепортажды көрө аласыздар. Ал эми жардам берүүнү каалагандар 0778 27 26 42 телефон номери аркылуу байланышса болот.
кошулду
Тагдыр.“Кыздарымдын келечегин ойлоно берип, көзүм да көрбөй калды”


