super.kg logo

Жалал-Абаддагы бала бакчада тарбиячынын балдарды урган видеосунан кийин шаардагы башка бала бакчалар да текшерилмей болду

 

Жалал-Абад шаарындагы бала бакчада балдардын сабалган окуясынан кийин мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин билими текшерилмей болду. Бул окуяга байланыштуу шаардык аткаруу бийлиги кадрларды текшерүү иштерин жүргүзүү буйругун чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Ырысбек Калчаев маалымдады.

Белгилүү болгондой, Жалал-Абад шаарынын аймагында 22 муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемеси катталган.

"Учурда атайын комиссия түзүлгөн, алар тарабынан Жалал-Абад шаарындагы бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин квалификациялык даярдыгы текшерилет. Андан сырткары, бала бакчалардын жетекчилерине өз кызматкерлери менен сүйлөшүп, тартипке келтирүү тапшырмасы берилди. Атайын комиссияны шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри жетектеп, курамында 5 адис бар. Мындай текшерүү иштери менен балдар бакчаларындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алып, кызматкерлердин даярдыгын көзөмөлдөөгө арналган", - дейт Калчаев.

Эске салсак, мындан эки күн мурун интернетте бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, кызуу талкуу жараткан. Видеону жөнөткөн адам окуя Жалал-Абаддагы №21-бала бакчада болгонун жана видеодогу тарбиячы тарабынан мындай жүрүм-турум адатка айланганын айткан.






Жалал-Абаддагы бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, ал иштен алынды

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
SUPER.KG видео
23.11.2018. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жумуштан алып тим болбой соттош керек
23.11.2018. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камера коюш керек баардык бала бакчаларга.Башкада областаргада текшерүү жүргүзсүн сөзсүз түрдө ушундай жаман көрүнүштөр болмоюнча отура бересинерби ??
23.11.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул сыйяктуу масалелерди кайда кайрылса болот? телефон доверия деген барбы? Менин балам частный садике барат, ал жакта эч кандай видео козомол жок бирок менде шек жаралып жатат. Ал жакка кандай кылып текшеруу жургузуш кк ж.б. суроолор мн кайрылат элем.
23.11.2018. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул окуядай корунуш бугун эле чыккан жок да дайым эле болуп келген корунуш тарбиячыга чара корулуш кк жана балдар бакчага камера койулуш кк тамактанусун да текшериш кк
23.11.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бардык жерде коррупция. Любой бала бакчалагы тарбиячы, ашпозчу ж.б. кадрлар тааныш-билиш жолу менен, бала-бакча директорунун макулдугу менен жумушка алынат. Тарбиячы болуу учун мугалимдик/педагогикалык диплому болсо жетиштуу.

Ал эми дипломду азыр сырттан окуп же акчага сатып алып жатышат. Бир соз менен коррупция, анархия. Бала-бакчаларда биз билбеген кылмыштар миндеп минден саналат...

Текшеруудон жыйынтык чыкпайт, кичине чай пул берсе, жакшы деп кете беришет текшеруучу
23.11.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир эле шаар ичиндеги бала бакчаларды эмес айыл жергесин да тешерсин.
23.11.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалал Абадтагы Сму городоктогу Бала бакчаны да текшергиле жакында эле инимдин кызы ыйлаган экен 3.4 балдарга кошуп одельно бир болмого камап салыптыр антип болуп кулпулап койгонго эч кандай акысы жок да
SUPER.KG видео
23.11.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол себептен садикке беруунун кажети жок баланы. Мен эч кимге ишенбейм. Бироолорго урдуруп,соктуруп баланын психикасын бузгандан коро уйдо свободно жургону жакшы. Садиктердин баары бит... Озун уйротуп, таза, оорутпай уйдон караган жакшы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: