Ысык-Көлдө чөнтөк телефону жарылып денеси күйүп калган баланын апасы: "Баламдын абалы жакшы. Өз алдынча басып, тамак ичип калды"
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылында чөнтөк телефону жарылып кетип, денеси күйүп калган Айдиндин абалы жакшы. Бул тууралуу өспүрүмдүн апасы Жаркынай Ишенбаева SUPER.KG'ге билдирди.
Маалыматка ылайык, жарылуу болгон учурда 8-класстын окуучусу синтетикалык кездемеден тигилген шым кийип жүргөн, мындан улам шым бат эле күйүп кеткен.
"Баламдын абалы туруктуу, тиешелүү жардамды алып жатат. Азыр өз алдынча басып, тамак ичип калды. Дарыгерлердин айтымында, дагы 10-15 күндөй жатат экенбиз. Синтетикалык кездемеден тигилген шымды кийип жүргөндүктөн ал күйүп денесине жабыша түшкөн", - дейт Ишенбаева.
Ошондой эле Жаркынай Ишенбаева уюлдук телефонду 1 ай мурда убактылуу колдонуп туруу үчүн кесиптешинен алганын билдирди.
"Телефон жакшы эле иштеп жаткан, буга чейин бузулган деле эмес. Балам менен байланышта болуп туруу үчүн алып берген элем. Батарейкасы жарылып кеткен окшойт", - деп билдирди.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
24-ноябрда Айдин райондук ооруканага денесинин 30 пайызы күйүп оор абалда түшкөн.
кошулду
Ысык-Көлдө окуучунун телефону жарылып, денесинин 30 пайызы күйүп калды



1 |