Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурум: Марс Бөдөшов "Бурулайга бычак сайган эмесмин" дейт

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда бүгүн, 28-ноябрда милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум болууда. Отурумда негизги айыпталуучу Марс Бөдөшов көрсөтмө берүүдө.
"Сосновканын постунан 500 метр өткөндөн кийин Жол кыймылынын кызматкерлери биздин унааны тосуп токтотту. Мен унаадан түшүп кызматкерлер менен учураштым. Алар унаага кароо жүргүзүштү. Унаада отурган Бурулайга "ала качып бара жаткан жокпу" дешти. Бурулай унчуккан жок.
Унаага отургузуп бизди РИИБге алып келишти. Машинада досум Акмат, Бурулай жана мен бар болчумун.
Бизди Жайыл РИИБине алып барып, алгач бир бөлмөгө киргизишти. Андан соң досум экөөбүздү чыгарып салып, Бурулайды алып калышты. Мен коридордон нөөмөт бөлүмүнүн кызматкеринен Бурулай менен сүйлөшүп алууну сурандым. Бирок алар уруксат берген жок. Бир кезде Бурулай отурган бөлмө ачык экенин көрүп кирип кеттим. Бурулайга азыр атаң келсе, сүйлөшүп жүргөнүбүздү айт десем, "айта албайм" деп койду. Бир убакта коридордон бир адам сөгүнүп басып кетти. Андан башка эч нерсе эсимде жок. Бир кезде ойгонсом эле ооруканада жатыптырмын", - деди Марс Бөдөшов.
Айыпталуучу ошондой эле ала качып бара жаткан унаага эч кандай бычак салбаганын айтууда.
Айыпталуучунун жактоочусунун "Бурулайга жана өзүңө бычак сайдың беле" деген суроосуна Марс Бөдөшов "Мен Бурулайга бычак сайган эмесмин" деп жооп берди.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон.
Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.
кошулду
Бурулайдын өлүмүнө шектелген Марс Бөдөшов: "Бычак сайган-сайбаганымды билбейм"

Баланы кармагандан кийин эреже боюнча миллеттуу турдо кызды озунчо коопсуз жерге киргизип коргошпойт беле. Мыйзам боюнча кызды ала качуу озу кылмыш, баланы кылмышкер катары анда колун байлап камаш керек болчу.
Оз козунуз менен корбогондон кийин бироону тикелей куноолоп эмне кереги бар? Башыбызга тушпосун.
Кызганыч, кызуу кандуулук, жоопкерчиликсиз жашоо