Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулайдын өлүмүнө айыпталган Марс Бөдөшов 20 жылга, ала качууга айыпталган Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылды
Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча райондук соттун чечими бүгүн, 11-декабрда чыкты.
Соттук процесс Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда каралды. Анда төрага Санжар Чотонов сот залына келип Бурулай Турдали кызынын өлүмү үчүн айыпталып жаткан соттолуучу Марс Бөдөшов менен Акмат Сейитовго карата чыгарган өкүмүн окуду.
"Соттолуучу Марс Бөдөшов жана "ала качуу" беренеси менен айыпталып жаткан Акмат Сейитовдун иштери менен таанышып, изилдеп чыгып, сот өкүм кылат: Соттолуучулар Бөдөшов менен Сейитовдун күнөөлөрү толугу менен далилденди дейбиз. Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө айыпталып жаткан Марс Бөдөшов Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (ала качуу) менен эки эпизоддо тең 7 жылдан жаза мөөнөтүн өтөсүн. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен 18 жылга эркинен ажыратылсын. Жалпысынан тергөө абагында отурган күндөрүн кошуп эсептеп жана Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде белгиленген жазаларды кошуу менен 20 жыл күчөтүлгөн тартипте абакта жаза мөөнөтүн өтөсүн. Жаза мөөнөтүн өтөө 2018-жылдын 28-майынан тартып эсептелсин. Өкүм күчүнө киргенге чейинки мөөнөттүн 1 күнү 2 күн катары эсептелсин. Бөгөт коюу чарасы өзгөртүлбөстөн камакта калтырылсын.
Ал эми "ала качуу" беренеси менен айыпталып жаткан Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылсын. Ал жазасын күчөтүлгөн тартипте абакта өтөсүн. Өкүм күчүнө киргенге чейинки мөөнөттүн 1 күнү 2 күнгө барабар деп эсептелсин", - деди судья Чотонов.
Мындан тышкары доо арыздар боюнча чечим дагы окулду. Буга чейин жабырлануучу тараптан айыпталуучу тарапка моралдык жана материалдык зыян тартканы үчүн 1 миллион сом доо коюлган. Сот бул доону карап чыгып, келтирилген далилдер жана эсеп тизмеси толук болбогондуктан, айыпталуу тараптан орто эсеп менен материалдык зыян үчүн 300 миң сом, ал эми моралдык зыян келтирилгендиги үчүн 500 миң сом өндүрүү чечими чыгарылды.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.
Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.
кошулду
Бурулайдын өлүмүнө айыпталган Марс Бөдөшов 20 жылга эркинен ажыратылды

Марсы подстава кылып, акыры 20 жылга каматып тындыбы?
Сот акыйкат болдубу эми?!
Адилеттүүлүк кайда!!!
Ушинте берсеңер силерге бирөө ишенеби!?
Жоопкерчиликсиз полиция кызматкерлери....
Жайы жанатта болсун, Сүйүп күйүп жүргөн Бурулай......
Сүйүүнүн курманы болуп, көзү көр болгон Марс.....
Досуна туураны, мыйзамды айтып кайтарбай достуктун курманы болгон,Акмат.......
А сен ушул окуяны баашынан окуп чык да Суперинфодон, анан мен фейк экенимди далилдеп бере аласын???
Мен ошондо да жазгамын Бурулайдын атасы баарына куноолуу деп!
Мен ага же буга тарткым келбейт, чыныгы кылмышкер жазасын алсын деймин. Бирок негизги суроо: Бурулайды ким олтургону аныкталбай жатпайбы?!
Марс олтурду дешкени менен видеокамера жок, бычактан бармак издери алынган эмес. Ушунун баары кудук ойлор жаратат. Сот процессинде Бурулайды ким, кантип, эмне максатта олтургону аныкталган жок
Текебаевдин соттук процесси узак созулду, бирок Текеьаев Маевскийден пара алганын прокуратура далилдеп бере алган жок, ошондой болсо да Текебаев куноолуу деп табылды...
Ачыгы Текебаев пара алып албаганын мен билбейм, аны сотто далилдеш керек болчу, божомолго салып камаган туура эмес.
Бугунку соттук процессте да ошондой болду. Эч кимдин куноосу далилденген жок
Бала атасына жакпайбы бербей койгонго толук акылуу.
Күнөө жигитте.Бирөөнүн айдай кызын неге ала качат.Жигитпи ата энесинин ыраазычылыгы менен алыш керек эле.Бербейби бактысын башкадан издесе болмок.Алып барып бычактап,ал эмне деген жапайылык.
Кызынын бактысын ойлогондур ошол кудалашкан жерге түшсө,жакшы жашайт дегендир.Эч бир ата-эне балага жамандык тилебейт.