Депутат: "Картошканын баасы 3-4 сом. Айыл-чарба министрлиги, эмнени карап отурасыңар"
"Картошканын баасы 3-4 сом болуп жатат. Дыйкандардын эмгеги талаага кетүүдө".
Мындай пикирин бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Максат Сабиров билдирди.
Аталган жыйында "Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл-чарба өндүрүшү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.
Депутат Сабиров баанын туруксуздугунан дыйкандар жапа чегип жатканын айтты.
"Айыл-чарба жана мелиорация министрлиги, ар бир жылда алдын-ала анализ жасап, дыйкандар кайсы продукцияны өндүрүшү керектиги тууралуу айткыла, маалымат бергиле. Эмдиги жылы эттин баасы түшүп кетсе эмне кыласыңар? Эч нерсе чыгара албасаңар лабораториялардын эмне кереги бар? Азыркы иштеп жаткан ишиңер начар. Эмне отурасыңар билбейм", - деп нааразы болду эл өкүлү.
Айыл-чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев айыл-чарба тармагында анализдер жүргүзүлүп турарын айтты.
"Жакынкы күндөрү дыйкандарга быйыл кайсы продукцияны өндүрүү пайда алып келери тууралуу маалымат таратылат", - дейт Керималиев.
Сабиров: “Картошка 3-4 сом болуп жатат. Өкмөт элге кантип жардам берип жатасыңар?“





1 |