super.kg logo

Аламүдүндө 2 баласы менен кошо өрттөн каза болгон аялдын кошунасы: "Келин кайненеси менен чатакташып жүргөн"

 

Бишкектин четиндеги Таш-Дөбө айылында турак үй өрттөнүп, анда жашаган келин, анын 10 жана 2 жаштагы балдары каза болду. Маалыматты алгач ӨКМ кабарлап, Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы келин үйдү өзү бензин куюп өрттөгөн деген билдирүүнү таратты. SUPER.KG окуя болгон жерге барып, оор жоготууга учураган үй-бүлөнүн кошуналарына жолукту. Атын атагысы келбеген кошунасынын айтымында, үйгө келин өзү өрт коюшу мүмкүн.

"Өрт чыкканын кечээ саат 16:00 чамасында көрдүк. Кээ бир кошуналар каза болгон келиндин күндүзү күйүүчү май сатып келгенин көрүшүптүр. Андан мурда эле кайненеси менен пикир келишпестиктер жаралып жатканы айтылып жаткан. Балким, чыр-чатактын айынан өз жанын кыйган болушу мүмкүн.
Келиндин аты Мээрим, күйөөсүнүн аты Игорь. Күйөөсү тубаса дудук, аялынын кулагы жакшы укпаганы менен, жакшы эле сүйлөчү. Психикалык жактан жабыркаган деген кептер калп. Акыл-эси ордунда эле, көргөн жерден салам айтып турчу. Балдарын жакшы карачу. Күйөөсү менен ынтымактуу эле жашаган үй-бүлө болчу", - деди кошунасы.

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы турак үйлөрдүн биринде өрт чыгып, анын кесепетинен 3 адам каза болгон. Анда жыгач устундуу кампанын жана гараждын чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 3 адам каза болгон. Алар 1985-жылы туулган А.М.Д. аттуу аял киши (үй кожойкеси) жана 2017-жылы туулган К.М.И., 2009-жылы туулган К.Е.И. аттуу балдар болушкан.






Чүйдө келин 2 баласы менен өрттөн каза болду. “Ал өзүн-өзү өрттөшү мүмкүн” дейт кошуналары

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
13.02.2019. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балдарын орттоп эмне кылат десенер. Олгусу келсе озун орттобойбу
13.02.2019. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдарда эмне куноо ((( Адамдар эмнеле болуп атышат, олгун келсе оло бер балдарды кошо ала жатпай.
13.02.2019. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын мындайдан.
14.02.2019. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуп тур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: