super.kg logo

Эл өкүлү мигрант ата-энелердин балдары үчүн жатак мектеп уюштуруу керек экенин айтты

 

Бүгүн, 28-февралда парламенттин жалпы жыйынында ар кандай маселелер каралып жатат. Анда "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Сагындык Келдибаев чет жакта иштеп жүргөн мигранттардын балдары тууралуу маселе көтөрдү.

Депутат мигранттар акча которуп жатат деп тим болбостон, анын артындагы көйгөйдү чечүү керек экенин айтты.

"Биздин чет өлкөдөгү мигранттар 2018-жылы Кыргыз мамлекетине 2 миллиарддан ашык каражат которду. Бул ички дүң продукциянын 35 пайызын түзөт дегенди билдирет. Былтыр 2017-жылы 522 киши өз жанын кыйган. Анын ичинде мигрант ата-энелердин балдары дагы бар. Алардын балдары ар кандай кыйноолорго учурап, арты өлүм менен аяктап жатат. Мигранттар мынча акча которду деп сүйүнүп отурбастан, алардын артынан ээрчиген бир топ көйгөйдү да чечүү жолун издөө керек. Жан багуунун айласын издеп балдарын туугандарына таштоого аргасыз болушууда. Туугандарынын карамагында калган балдарды тыгыз көзөмөлгө жана психологиялык жактан колдоого алуу зарыл. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен мигранттардын балдары менен иштөөгө атайын адистер бөлүнүшү керек.

Мындан тышкары ал балдарга мектепте адеп сабагы жакшы өтүлүшү абзел же мигранттардын балдары үчүн жатак мектеп уюштурулушу зарыл. Эгерде балдарын жатак мектепке бербейбиз десе, ата-энелердин бирөөсү гана сыртка чыгып иштөөсүн милдеттендирүү керек", - деди эл өкүлү.






Депутат мигранттардын балдарына жатак мектебин уюштуруу керектигин айтты

Автор: Жылдыз Джускембаева
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: