super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутаттын өкүлү: "Өмүрбек Бабанов аны камашса да келүүгө даяр экенин айтты"

 

"Өмүрбек Бабанов аны камашса да келүүгө даяр экенин билдирди", - деп бүгүн, 27-мартта SUPER.KG порталынын журналистинин суроолоруна жооп берип жатып, экс-депутаттын өкүлү Ислам Каргабаев билдирди.

"Мен кечээ Өмүрбек Токтогулович менен сүйлөшкөнүмдө, ал 1 жума болобу же 1 айдан кийинби, сөзсүз Кыргыз жерине кайтып келерин айтты. Камашса да келе турганын баса белгиледи. Шайлоого катышары же катышпай турганы боюнча эч кандай кеп козголгон жок.

Ал Кыргыз өлкөсүнүн жараны катары мекенине кайтып келгиси келет, кантсе да өз мекенин сагынат. Бул жакта кандайдыр бир байлыгы бар болгон үчүн келе жатат десек, жаңылыштык болот. Себеби такыр болбосо, ал материалдык байлыктарын сатып, келбей койсо деле болмок. Бирок Кыргыз жараны катары мекенине келүүнү көздөйт. Ал Кыргыз өлкөсүнө 1 жыл аралыгында келбесин деген кандайдыр бир сүйлөшүүлөр орун алган болушу мүмкүн, бирок бул менин жеке пикирим. Учурда колубузда Он-Адырда айткан сөздөрү боюнча 4 экспертизанын жыйынтыгы турат, Өмүрбек Токтогулович бийликтин алдында да, элдин алдында да эч кандай күнөөсү жок", - деди Каргабаев.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

2017-жылдын 4-ноябрында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановго Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен кылмыш иши ачылган. Башкы прокуратура Бабановго карата "Улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон. Мындан улам Бабанов жыл аягында саясаттан биротоло кете турганын жарыялап, депутаттык мандатын дагы тапшырган.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. 2018-жылдын 28-мартында Бабановго "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн" деген айып менен дагы бир кылмыш иши козголгон.






Өмүрбек Бабановдун өкүлү: "Биз мыйзам чегинде иш алып барабыз"

Бабановдун өкүлү Каргабаев: "Өмүрбек Бабанов кандай болсо да Кыргыз мамлекетине кайтып келет"

Автор: Наргиза Өмүрбек кызы
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: