super.kg logo

SUPER TV: Балдакчан баатыр кыз: "Инимдин операциясы үчүн ишкерликке кириштим"

 

Саламат Бактыбек кызы аттуу балдакчан баатыр кыз бир бутунан ажыраган. Ошондой эле тагдыр анын жаш экенине, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай апасынан да ажыратат. Жашоонун соккуларына жеңилбеген кыз алдыга кадам таштагандан тажабай, жаркын келечекке ишенип келет. Өп-чап турмушту башынан кечирип, өз ара ишкерликке киришкен каарманыбыз буга эмне түрткү болгонун айтып берди.

"Буга чейин ар кандай жумуш издеп көрдүм. Бирок кээ бири жакшы кабыл алса, айрымдары мага ылайыктуу жумуш жок экенин айтышчу. Мындан улам эч кимге көз карандысыз болгон жумушта иштесем, өз алдымча ишкерлик кылсам деп кыялдана берчүмүн. Анын үстүнө бир тууган иним нышан болуп төрөлгөндүктөн келбетинен намыстана берет. Акча чогултуп, ага операция жасатып берсем деген ниетим бар. Ушул нерсе да ишкерлик менен алектенүүгө түрткү болуп, өзүм гүл жасап сата баштадым", - дейт ал.

Ошондой эле бирде жылмайып, бирде көзүнө жаш алып сүйлөгөн дилгир кыз каражаттын жетишсиздигинен улам инисин окутуп, өзү мектептен кийин билим албай калганын кошумчалады.

Кыйынчылыктын баарын жылмаюу менен гана жеңген жаш кол өнөрчүнүн видеосун төмөндөгү сюжеттен көрө аласыздар.








Балдакчан баатыр кыз: "Инимдин операциясы үчүн ишкерликке кириштим"

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: