super.kg logo

Бишкекте 7 жашар бала атасы тарабынан катуу сабалып, ооруканага жеткирилди

 

Бишкекте 7 жаштагы бала сабалып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө балдар ооруканасына 7 жашар бала сабалып бейтапканага жеткирилгени боюнча маалымат түшкөн.

"Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБинин ыкчам иликтөө тобу барган. 39 жаштагы Н.Г. аттуу тургун 11-май күнү 7 жашар баласы эшикке чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айткан. Эртеси күнү баласы кошунасынын үйүндө ойноп жатып уктап калганын билишкен. Баласын үйүнө алып келген соң анын жолдошу Ж.К. аялынын каршылыгына карабастан баласын сабап, денесине залал келтирген. Сабалган баланы апасы ооруканага алып барганда анын баш мээси чайкалып, оң колунун чыканак сөөгү сынганы аныкталган.

Бул боюнча баланын апасы жолдошуна карата чара көрүүнү суранган. Аталган факт 12-май күнү Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 75-берене "үй-бүлөдөгү зомбулук" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда жабырлануучу балага карата тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды", - деп билдирет басма сөз катчы.






Тагдыр. Атасы 7 жашар баласын катуу сабап, ал ооруканага түштү

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
13.05.2019. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Колун сынгыр,орозодо ооз булгагым келбеди, ХХХХХ экенсин ата болбой кал
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-14 09:25:28
13.05.2019. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кошунасы да кызык неме го кабарлап койбойбу
13.05.2019. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колунардан ХХХХ келбейт ,кучунор бир наристеге гана жетет, эх журогум тилинип эле кетти, окубай отуп кете албайсын
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-14 09:21:06
13.05.2019. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болуп жатышат биздикилер? Мурда баланы бапестеп багышса азыр душманындай коруп.
14.05.2019. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага зоокурлук.Балдарга болгон зомбулукту токтотоор киши барбы.Сессияда эмне учун которулбойт ушул проблема.
14.05.2019. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mira28,мына сага орозо айы,мына сага мусулманчылык,мына сага боорукерлик
15.05.2019. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
katerina.li, наркоманды деле канча ондобо наркотикти таштай албайт. ушунча жаман адамсын го сыягы жалан эле жамандарды корсон.
15.05.2019. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунордун балдарынарды уруп сабап журо бергиле ушинтип.. Мээримдуу ата эне болсон озуно дагы кийин Мээримдуу бала болуп берет..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: