super.kg logo

Миграция кызматы: "Памирлик кыргыздарга жер берилери айтылган эмес"

 

Памирлик кыргыздар паспорт алуусу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын тийиштүү деп берген документтерин чогултуп, өздөрү дагы аракет кылуусу керек экенин Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов айтты.

Ал эми Нарын облусунун губернаторунун орун басары Жаркын Ибраева памирлик кыргыздардын жетишкен ийгиликтери тууралуу дагы айтып берди.

"Бизге келген 11 үй-бүлөнүн балдарынын баары билим алып жатышат. Алардын үчөө азыр чет тилин үйрөнүп, жакшы жыйынтыктарды көргөзүүдө. Акыркы убакта массалык маалымат каражаттарында туура эмес маалыматтар тарап жатат. Таштанды таштаган жерде коробка терип жүрүшөт деп жазышууда. Мындай маалыматтар чындыкка коошпойт. Бул жарандардын өздөрү каалап иштегендери да бар. Бирок таштанды терип эмес. Мисалы, мал багып, касапчы болуп. Ошондой эле памирлик кыргыздардын жубайлары уз келишет экен. Эң сонун өрмөлөрдү, саймаларды сайганды билишет. Алардын түшүргөн саймалары менен Нарын облусу көчмөндөр оюндарында 3-орунду алдык. Азыр биз борбордогу сайма, кыргыз орнаменттерин түшүрүп иштеген айымдар менен сүйлөшүп жатабыз. Келечекте иштешип калсак кол өнөрчүлүк жаатында дагы көп ийгиликтер жаралат деген ойдобуз", - деди Ибраева.

Тегерек столдо дагы бир негизги маселе айтылды. Анда миграция мамлекеттик кызматы Памирден кыргыздарды алып келгенде алардын балдарына билим берүү гана каралганын айтып берди.

"Силер бул жакка келгенден кийин гана жер маселеси көтөрүлдү. Башкача айтканда өкмөттө алгач жер маселеси каралган эмес. Болгону билим берүү каралган. Сиздер эми кайрылман статусунун негизинде жарандык паспорт алгандан кийин гана жер, турак жай маселеси каралат", - деди төрага Ибраимжанов.

Азыркы учурда Нарын облусунда Памирден келген 10 үй-бүлө жашап жатат. Тактап айтканда 49 адам. Ал эми алардын баарына кайрылман статусу берилген.






Памирлик кыргыздар жер тилке сурашты. Аткаминерлер эмне дейт?

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
22.05.2019. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жер бербесенер эмнеге алып келесинер?? Дарактын башына жашамак беле??
22.05.2019. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анан неге алып келдинер.Уйлорун таштап келиштиго жашап аткан.Жер берилсе Кыргызстанда жер калбай калабы
22.05.2019. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жердин баарын сатып бүтүшсө нени беришсин!
22.05.2019. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жер берип батырып алгыла.
23.05.2019. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болгону 49 адам экен, ошону да эптей алышпады.
SUPER.KG видео
23.05.2019. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят кыргыз мамлекети үчүн. Ушул аз 49 кишиге жардам бере албай койдуңар жетиштүү.
Sajakat14 түзөттү 2019-05-23 15:45:39
SUPER.KG видео
23.05.2019. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекеттик миграция комитетинин өкүлү эмне деп дөөрүп жата? Эмне кылып аракет кылышсын? Өмүрүндө окубаган кишилерге өзүн акылдуу, кыйын, көрсөткүсү келип жатат. Коробканы памирлик боордоштор жыргаганынан чогулуп жатышкан жок! Бул адамдарды окутуп, иштетип алууну кыргыз мамлекети уюштуруп бериши керек! Өзүн кыйын сынып, памирлик кыргыздарды жалкоосуңар, жөн эле отура бересиңер деп эле айтып салбадыбы жанагы өзүн билимдүү сезген сөөрөй! Психологияда мындайларды психологиялык вампир дейт!
SUPER.KG видео
23.05.2019. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Психологиялык вампирдин максаты бирөөнү жаман сөз менен намысына тийген сөз менен кемсинтип башкаларды, өзүнүн самооценкасын көтөргөн мите курттарды айтат. Уят! Боордоштор Памирден кыргыз элим батырып алат бекен деп келсе, атырылып сүйлөп аларга. Ошол окууларды 40ка чыккан кишилерге уюштургула. Анан окубай жатса анан айт отура бересиңерби деп!
SUPER.KG видео
23.05.2019. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мал багып жүргөн кишилерге ошол өздөрү айткан айылдарын куруп берип, мал, жайлоо бергиле. Өздөрүн өздөрү багып алышат мал менен эле. Жарандык дагы бергиле!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: