super.kg logo

Ышкын, кымыздык жана чүкүрүнүн айырмасын билесизби? Аксынын керемет, кооз тоолоруна саякаттайбыз (фоторепортаж)

 

Кышкы саякаттоо учурларда жазды күтө бердим. Жаз мезгилинде жаңылануу башталат, жан дүйнө дагы ошондой өзгөрүүлөрдү каалап калат эмеспи. Анан да жазда чыккан ар түрдүү гүлдөргө суктанып отургум келет. Жазгы гүлдөрдүн ар бир аймакта ар кандай түрлөрү бар. Буга чейин Чүй өрөөнүнүн тоолорундагы кадрлар менен бөлүшүп келсем, бул жолу төрөлүп-өскөн Аксы районунун тоолорундагы сулуулукту баяндагым келди...

Ышкын, кымыздык жана чүкүрүнүн айырмасын билесизби? Сиздин аймакта кандай аташат?

Ар бир аймакта бул кычкыл даамдууларын ар түрдүү аташат. Бири чүкүрүнү ышкын деп же ышкынды кымыздык дегендей. Мен эс тарткандан бери чүкүрү эрте чыккан жалбырак, андан соң кымыздык менен ышкын чыгарын билем. Чүкүрүнүн даамы ышкынга караганда ачуураак, анан жалбырагынын сабагын эле жесе болот. Ал ышкын бышкан кезде гүлдөп, катып баштайт. Тилекке каршы, кымыздыкты биз барган жерден кезиктире алган жокпуз. Сүрөтү салыштыруу максатында интернеттен алынды.

Чымындык, мекери, коңгуроо жана башка талаа гүлдөрү

Сүрөттөгү сары гүлдү эс тарткандан бери эле атам чымындык деп "тааныштырган". Бул гүл алыстан эле буркурап жыттанып турат. Сапсары болуп жайнаганы өзгөчө. Биз кичине кезибизде атам дайыма ышкынга барганда ушул гүлдү, анан арасына коңгуроо гүлүн кошо алып келчү. Бул ирет өзүм атамды ээрчип жүрүп талаа гүлдөрүнүн түрүн көрдүм.

Ак түстө, өзгөчө көрктүү мекеринин гүлүн биринчи жолу көрдүм, бул гүлдүн тамыры дарылык үчүн колдонулары белгилүү.

Адырга чыккан мекерим,
Бир кезде, ак таңдай акын экемин.
Аралап топко барганда,
Акчу эле ооздон шекерим.
Күңгөйгө чыккан мекерим,
Бир кезде, көк таңдай акын экемин.
Көпчүлүктү көргөндө,
Куюлчу ооздон шекерим...

Залкар комузчу, акын Токтогул Сатылгановдун шакирти болгон залкар акын Коргол Досуевдин саптарында аты аталган гүл. Мына ушундай ырларда баяндалган жерлерди, гүлдөрдү, өсүмдүктөрдү көрүп, табиятты кененирээк тааныган кандай сонун.

Кайда барбайын жапайы өсүмдүктөрдү таанып, аттарын атап, кайсы гүл качан гүлдөп, кандай жыттанарына чейин билген учурларым көп болот. Мунун баарына себепкер - менин атам. Негизи атам тоого жакын. Бул сапарым атам менен бирге Аксы районундагы Сөгөт-Сай кыштоосу аркылуу кирген жолдо Кара коо тоосуна болду. Аталган тоо айтылуу Бозбу-Ата тоосунун башталышы, ага бир аз жетпей калат. Тоонун чокусуна чыкканда Бозбу-Ата тоосу көрүндү. Бул тоо боюнча кийинки саякаттарда үстүндөгү көлдү өз көзүм менен көрүп келип анан кененирээк баяндап берем. Ал тоо тууралуу түрдүү уламыштар бар.


кошулду





Аксынын тоолоруна саякат

Автор: Наргиза Талантбекова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(10)
03.06.2019. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Охооо сонун болуптур
03.06.2019. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
азаматсынар а то откондо бир адам менен талашкам чукуруну деле ышкын деп
03.06.2019. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жер соорусу Аксы экен деген чын созда. Сагындым Аксы жеримди!!!
03.06.2019. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аксынын жерлери кышы-жайы кооздукта,монтаждатып убара кылбайт,кадимки телефонго тартсан да кооздугу байкалып турат.Сагындым аябай,азыр укмуш коркуно чыгып турган кези
03.06.2019. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айылды сагынып кеттим, ышкын терип жүргөн күндөрү...
03.06.2019. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Авлетим
03.06.2019. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак-Жол
04.06.2019. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде Алабукада шүкүрү дейт
04.06.2019. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FC-Abdish-ata, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
05.06.2019. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак-Жол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: