Чехиянын премьер-министри Испанияны Шенген аймагынан убактылуу четтетүүгө чакырды
Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш Испаниядагы миграциялык кырдаалга байланыштуу өлкөнү Шенген аймагынан убактылуу четтетүү керектигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Анын айтымында, Сеута шаарына он миңдеген мыйзамсыз мигранттардын кирип кетиши олуттуу коопсуздук көйгөйүн жаратты. Бабиш бул абалды Испания өкмөтүнүн миграциялык саясаты менен байланыштырып, Евробиримдиктин тышкы чек араларын коргоо талаптары жетиштүү деңгээлде аткарылбай жатканын белгиледи.
Ошондой эле ал Испаниянын мамилесин 2015-жылдагы миграциялык кризиске салыштырып, анда Германиянын өкмөтү мигранттарды кабыл алуу эрежелерин жеңилдеткенин эске салды. Бабиштин пикиринде, азыркы испан бийлиги да парламенттик шайлоонун алдында ушундай саясат жүргүзүп жатат.
Испаниянын өкмөтү бул билдирүүгө расмий жооп бере элек.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















