Улуу Британияда өпкө рагына каршы вакцина алгачкы жолу сыноодон өттү
Улуу Британияда дүйнөдө биринчи жолу өпкө рагы менен ооруган бейтапка жекече даярдалган мРНК-вакцина сайылды. Бул эл аралык клиникалык изилдөөнүн биринчи этабынын алкагында ишке ашты.
Алгачкы бейтап болуп Англиянын Мерсисайд аймагында жашаган аял тандалды. Изилдөөнү Ливерпуль университети, Clatterbridge Cancer Centre жана алардын эл аралык өнөктөштөрү жүргүзүүдө. Жалпысынан сыноого 10 бейтап катышат.
Жаңы препарат өпкө рагынын эң кеңири таралган түрү болгон майда эмес клеткалуу өпкө рагын дарылоого багытталган.
Бул мРНК-вакцина рактын алдын алуу үчүн эмес, дарылоону күчөтүү үчүн иштелип чыккан. Анын негизги максаты - иммундук системага шишиктен калган рак клеткаларын таанып, жок кылууга жардам берүү.
Вакцинанын өзгөчөлүгү эмнеде?
Буга чейин өпкө рагына каршы жалпы мРНК-вакциналар сыналган болсо, бул жолу препарат ар бир бейтап үчүн өзүнчө, шишиктин генетикалык өзгөчөлүктөрүнө жараша даярдалууда.
Вакцина мРНК технологиясынын жардамы менен организмге шишикке мүнөздүү белокторду убактылуу өндүрүүгө жардам берет. Натыйжада иммундук система бул белокторду таанып, аларды алып жүргөн рак клеткаларына каршы күрөшө баштайт.
Учурда окумуштуулар вакцинанын коопсуздугун жана иммундук жооп жаратуу жөндөмүн баалап жатышат. Азырынча анын оорунун кайра кайталануу коркунучун азайтары же бейтаптардын өмүрүн узартары так далилдене элек.
Эгер изилдөөлөр ийгиликтүү аяктаса, жекече даярдалган мРНК-вакциналар келечекте өпкө рагын дарылоонун учурдагы ыкмаларын толуктаган жаңы мүмкүнчүлүк болуп калышы мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















