Тревис Скотт Ноландын "Одиссеясына" арналган эксклюзивдүү кийимдерди чыгарды
Америкалык рэпер Тревис Скотт белгилүү режиссёр Кристофер Ноландын "Одиссея" тасмасынан шыктанган чектелген сандагы кийимдер коллекциясын тартуулады.
Cactus Jack, IMAX жана тасманын чыгармачыл тобу менен биргеликте даярдалган капсула коллекциясына эки графикалык принттүү футболка, узун жеңдүү лонгслив жана шопер баштык кирди. Дизайнында "Одиссеянын" өзгөчө визуалдык стили менен Tревис Скоттун фирмалык эстетикасы айкалышкан.
Коллекциянын бет ачары менен кошо рэпер When I'm Home аттуу жаңы ырын жана клибин да чыгарды. Бул композиция тасманын акыркы титрлеринде жаңырып, анда британиялык музыкант Жеймс Блейк катышкан. Ырдын музыкасын болсо Кристофер Ноландын көп жылдан берки өнөктөшү, белгилүү композитор Людвиг Йоранссон жараткан.
Мындан тышкары, Tревис Скот Nike менен кызматташып, Cactus Jack x The Odyssey x Nike Moon Shoe жана жаңыланган ACG Moc бут кийимдерин да иштеп чыккан. Бирок бул кроссовкалар сатыкка чыкпайт - алар тасманын актёрлору жана тартуу тобу үчүн гана чыгарылган.
Cactus Jack x The Odyssey x IMAX коллекциясы расмий интернет-дүкөндө бир жума гана сатылат. Баалары 55 доллардан 75 долларга чейин бааланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















