Apple: "iPhone, iPad жана Mac түзмөктөрү тартыш болуп калышы мүмкүн"
Apple жакынкы айларда iPhone, iPad жана Mac түзмөктөрүнүн жетишсиздиги жаралышы мүмкүн экенин эскертти. Компаниянын маалыматына караганда, буга жеткирүүчүлөрдөгү көйгөйлөр эмес, күтүлгөндөн алда канча жогору болгон суроо-талап себеп болууда. Бул тууралуу компаниянын үчүнчү чейрек боюнча каржылык жыйынтыгында Apple компаниясынын башкы директору Тим Кук билдирди.
Анын айтымында, iPhone жана Mac компьютерлерине болгон кызыгуу күтүлгөн көрсөткүчтөн ашып, өндүрүш чынжыры дээрлик толук кубаттуулукта иштеп жатат. "Бул жеткирүүчүлөрдүн көйгөйү эмес. iPhone жана Mac сатуулары күтүлгөндөн да жогору өсүп, суроо-талап биздин божомолдон ашып кетти", - деди Тим Кук.
Компаниянын дагы бир баш оорусу - эс тутум (memory) микрочиптеринин кымбатташы. Apple экинчи чейректе аларга биринчи чейрекке салыштырмалуу көбүрөөк каражат жумшаган. Ал эми кийинки чейректе бул чыгымдар дагы өсөрү күтүлүүдө.
Apple айрым тетиктердин алдын ала топтолгон запастары жана башка компоненттердин баасынын төмөндөшү чыгымдарды бир аз жеңилдетерин белгиледи. Ошентсе да, компания эс тутум чиптеринин баасы сентябрдан кийин да жогорулай берет деп эсептейт.
Бул абал күзүндө өтүүчү салттуу Apple презентациясынын алдында орун алууда. Күтүлгөн маалыматтарга ылайык, сентябрда компания iPhone 18, iPhone 18 Pro, iPhone 18 Pro Max жана тарыхтагы алгачкы бүктөлүүчү iPhone моделин тааныштырышы мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















