super.kg logo

Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери: "Мушташтан каза болгон окуучуну ата-энелери жакшы эле экен, алып кетебиз дешкен"

 

28-май күнү Бишкек шаарында №48 мектептин эки окуучусунун ортосунда мушташ орун алып, 9-класстын окуучусу 16 жаштагы Н. каза болду.

SUPER.KG бул окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн аталган мектеп гимназияга барды. Тилекке каршы, ал мектепке кирүүгө мүмкүн болгон жок.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын инспектору Сайкал Садыбакасова окуя тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

"Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБинин ыкчам-иликтөө тобу барганда, Бишкек шаарынын №48 мектебинин короосунда эки окуучу мушташып кеткендиги аныкталган. Өспүрүм мушташтан кийин үйүнө барган бирок өзүн жаман сезгенинен улам тез жардам кызматы аркылуу ооруканага түшүп, эртең мененки 7:00 чамасында каза болгон".

№3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков окуучу жаракат алган соң 5 сааттан кийин гана дарыгерлерге кайрылганын жана окуя кандай катталганы жөнүндө айтып берди.

"Бул бала кечки саат 19:00 чамасында жаракат алган, бизге түнкү саат 00:00 чамасында алынып келген. Оорусунун тарыхын жазып жатканда классташ балам сабап салды деп айткан экен. Баланын баш мээси чайкалып калган, ата-энеси алып кетебиз, жеңил эле экен дегенде биздин кызматкерлер алып калышкан. Себеби эрежеге ылайык, баш мээ чайкалган болсо коё бере албайбыз. Ооруканага жаткырылган түнү саат 02:00дө ИИМден да өкүлдөр келген. Алар менен да жакшы эле сүйлөшкөн. Таңкы саат 06:00дө анализдерин алганбыз, андан кийин саат 07:00дө ойготолу деп барышса абалы оорлоп баратыптыр. Дароо реанимацияга котордук. Тилекке каршы, 40 мүнөт ичинде бала каза болуп калды", - деди Өмүрбеков.






Бишкекте окуучулар мушташып, бири каза болду

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
29.05.2019. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеге саат 00:00до барып тушсо танкы саат 6да аран анализ алышат? тундо эле дежурный врачтар жакшылап карай калса балким олмок эмес.
29.05.2019. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
karona12,тагдырдан качып кутулбайсын
30.05.2019. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
karona12, ошо да
30.05.2019. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
karona12,анализди эрте менен алат,түн жарымда албайт
29.05.2019. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
туну менен каралган эмес жомокту айтып отура беришет туну барса орууну калтыруучу даарыларын берген да жаткырып койгон бала байкуш танга чейин кыйналган анан узулгондо диагноз койо калышты да
30.05.2019. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbek56,а эмнене 5саат уйдо алып отурган ата эне убагында текшертиш керек болчуда кандай болгон убактада врачка кайрылыш керек эле...
momun74 түзөттү 2019-05-30 00:01:49
29.05.2019. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Врачтарды эле куноолой бербегиле.
30.05.2019. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аталаш бир тууганым да ушундай сыяктуу болгон, журоктун кан тамыры узулуп тамчылап журоко толо берет экен. Суйлоп сонун эле болчу заматта айрылып калдык, корсо журогу жарылып кетиптир.Арты кайрылуу болсун.
30.05.2019. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИИМ дин маалымат катчысы Сайкал Садыбакасова десе ырчы Сайкал эмне ошол жакка кетип калганбы депмин тооба
30.05.2019. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билип билбей туруп бирнерсе деп айтту кыйын. Жайы жаннатан болсун! Ар Бир адамда жоопкерчилик болсо мындай болбой кала беле.
30.05.2019. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каап...Кырчындай омур(((Туугандардан бироо-жарым калбайт беле.Карап-сурап жатышмак да.Врачтарды айдап каратып турбасан карашпайт жакшы.Эми кантели,эх...
30.05.2019. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр келесоолор коп! Эркекче мушташ дегенди билбейт, жыгылып калса башына ичине тебе берет секирет. Неге мынча агрессивный билбейсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: