super.kg logo

Канатбек Исаев ушул сөзү үчүн муштум жедиби? (видео)

 

Буга чейин социалдык тармактарда "Жогорку Кеңештин эки депутаты Канатбек Исаев менен Бакытбек Жетигенов мушташты" деген кеп тарап жатканын жазганбыз.

2 күн мурда, тагыраагы, 12-июнда Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин жыйынында трибунага чыгып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн аптадагы билдирүүсүнө карата 15 мүнөттөй сөз сүйлөгөн. Ошол сөзүндө "Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн алып келип туруп, КСДПнын тизмеси менен депутат кылды" деп айтканы бар.

2014-жылы Бакытбек Жетигенов Жогорку Кеңештин "Ар-Намыс" фракциясынан депутат болуп турган кезде ошол учурдагы ички иштер министри Абдылда Суранчиев аталган эл өкүлүн кримчөйрөдө таасири бар төбөлдөрдүн бири катары айтылган Алмаз Бокушевдин жакын досу деп маалымат берген. Буга карата Бакытбек Жетигенов "Маалыматта мени Кара-Балтадагы уюшкан кылмыштуу топтун лидери Алмаз Бокушев менен бирге окуган деп жатышат. Биз менен дагы көптөр окуган. Министр Суранчиевдин оюнда, анын баары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү окшойт" деп жооп берген эле.

Азырынча эки депутатка тең байланышуу мүмкүн болбой жатат.

SUPER.KG
порталы маалыматтын чын-төгүнүн тактоо аракеттерин улантат жана тиешелүү тараптардын бул боюнча маалыматын угуп, жарыялоого даяр.






Канат Исаев менен Бакытбек Жетигеновду мушташтырган сөз ушулбу?

Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.06.2019. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бириң кайың бириң тал
Бириң өлүп бириң кал
14.06.2019. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
120 депутаттын кол тийгистигин алуу боюнча петиция башташ керек. Канат Исаев элге отчетун берсин. Ай сайын ар бир депутаттын финансылык чыгымдарын текшерүү зарыл. Болбосо буларга бөлүнгөн акчаларды ким кайсы жака коротуп жатышат. Эч ким билбейт.
SUPER.KG видео
14.06.2019. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттарды элге кылган кызматы эмес,мушташ,согунуу,коркутуу,какыруу,чимкируу,гомосекслю аркылуу эле таанып калдык го. Канат исаевди сабабаса бул депутатты кайдан тааныйт элек??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: