super.kg logo

Ысык-Атада эркек кишини өлтүрүп, бутуна кирпич байлап Чоң Чүй каналына ыргытып жиберген. Шектүү катары маркумдун аялы кармалды

 

Чүйдүн Ысык-Ата районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-июнь күнү Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө ӨКМнын кызматкерлери тарабынан маалымат түшкөн. Билдирүүдө кебетеси азиат болгон, жашы 50-55 чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси Кант шаарындагы Чоң Чүй каналынан табылганы айтылган. Ыкчам-тергөө тобу аталган жерге барып Дмитриевка айылынын 52 жаштагы тургуну Б.А. экенин аныкташкан.

"Бул факты "адам өлтүрүү" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүү катары маркумдун 44 жаштагы аялы кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча окуя аялы менен күйөөсүнүн ортосунда чыккан уруштан улам болгон. Аялы каза болгон жарандын өлүгүн жашыруу максатында бутуна кирпич байлап, Чоң Чүй каналына ыргытып салган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.






Каналдан бутуна кирпич байланган адамдын жансыз денеси табылды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: