super.kg logo

Сокулукта 3 жана 5 жаштагы балдарды сабаганга шектелип атасы кармалды

 

Чүй облусунун Сокулук районундагы 3 жана 5 жаштагы бир туугандарды сабаганга шектелип, алардын атасы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул окуя боюнча балдардын энеси күйөөсүнө эч кандай доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан. Бирок бул факты Кылмыштардын жана жоруктарын бирдиктүү реестрине катталып, 144-берене ("уруп-согуп кыйноо") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми балдардын 26 жаштагы Ч.К. аттуу атасы күнөөнү моюнуна алган эмес. Ошол эле күнү Ч.К. кылмышка шектүү катары кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши башталды”, - деп билдирди басма сөз кызматы.

Буга чейин эки бала атасы тарабынан сабалганын балдардын энеси SUPER.KG порталына билдирген.






Сокулукта 3 жана 5 жаштагы балдар сабалды

Автор: Адилет Керимбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: