super.kg logo

"Мурда да уруп жүргөн..." Сузакта аялын бычактап өлтүрүүгө шектелген жарандын үстүнөн кайненеси менен кайнатасы арыз жазды

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялын бычактап өлтүрүүгө шектелген жарандын үстүнөн кайненеси менен кайнатасы арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күч органдарындагы өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 25-июль күнү саат 06:35 чамасында болгон. Анда күйөөсү менен аялынын урушу өлүм менен аяктаган.

"Каза болгон келиндин кошуналары кылмышка шектелип жаткан 31 жаштагы Б.Н. мурун да аны ур-токмокко алып жүргөнүн билдиришти. Окуя болгон күнү да аялын ур-токмокко алып, кийин аны бычактап койгон. Оор жаракаттан улам келин каза болуп калган. Учурда маркумдун ата-энеси күйөө баласынын үстүнөн арыз жазып милицияга кайрылышты", - деп билдиришти.

Жабырлануучунун же айыпталуучунун жакындары бул окуя боюнча айтып берүүнү кааласа, SUPER.KG порталы алардын пикирлерин жарыялоого даяр.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Сузак районунун тургуну аялын ашкана бычагы менен денесине сайып, жабырлануучу алган жаракатынан каза болуп калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Сузак райондук сотунун чечими менен шектүү 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Маркумдун артында 4 баласы калды.






Сузакта күйөөсү аялын уруп, андан соң бычактап салган деп шектелүүдө

Автор: Адилет Керимбек уулу
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
30.07.2019. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Олтуруп койгуча журо бербей давно кетиш керек болчу, балдарга жалко ким карайт, энедей ким мээрим тогот,ушул ур токмоко чыдап журо бергендерди кантип тушунсо болот.
30.07.2019. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялын кызганып биро менен суйлошуп журосун деп уруптур ким суйлошсода текшериш керек куйосу неге мындай кылды чегип алган эмеспи ал жигит же сайынып
30.07.2019. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Assalomuallekum,суйлошуп,жолугуп жургону боюнча бут доказательствосу бар экен. Аялына коп жолу эскертиптир кет,балдарды калтыр деп. Доказательствону,суйлошуп жургон адамдарын баарын кайын ата энесине корсотуптур,даже олтуруп бутуп деле кайын атасына чалып озу айтыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: