"Ала-Тоо" аянты пикетчилердин эмес, китепчилердин аянты аталды




Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында 9-июлдан баштап “Китепкөй Ала-Тоо” аталышындагы акция жүрүп жатат.
Акцияны уюштуруу идеясы жаш активисттер Табылды Муратбеков, Мунарбек Базаркулов жана Бакай Акылбековго таандык. Табылды Муратбеков белгилегендей, акциянын аталышы да өзүнчө бир символикага ээ. "Биз китепти китепканалардан же башка жерлерден деле окусак болот. Бирок Ала-Тоо бул биздин мекенибиз, ал эми "Ала-Тоо" аянты мекенибиздин жүзү” деди Муратбеков.
Ал эми Мунарбек Базаркулов шаар тургундарынын, студенттердин жана окуучулардын акцияга болгон кызыгуусу артып жатканын билдирди. "Алгач акцияны шаарыбыздагы чоң соода борборлорунда өткөрүүнү ойлогонбуз. Бирок алгачкысын борбордук аянтта өткөрүүгө токтолдук. Китепкөй улутту китепкөй жаштар гана түптөй алат”, - деди Базаркулов.
Акциянын негизги максаты - жаштардын билимге болгон умтулуусун арттырып, китеп окууга болгон сүйүүсүн күчөтүү менен бирге адабий мурастарды баалай билүүгө үндөө. Ошону менен катар акцияга түрдүү тармакта ийгилик жараткан инсандар келип кеп-кеңештери менен бөлүшүп жатат.
"Ала-Тоо" аянты - пикетчилердин эмес, китепчилердин аянты

