super.kg logo

Экс-президент Атамбаевди кармоо операциясы аягына чыккан жок. Күч түзүмдөрү Кой-Таштан кетишти (хронология, фото, видео)

 

7-августта КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева шашылыш билдирүү жасады. Анын айтымында, атайын даярдыктагы жоокерлер Кой-Ташка барышты.

Учурда Ички иштер министрлигине байланышуу мүмкүн болбой жатат.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2019-08-08 03:30

Экс-президентти кармоого катышкан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Кой-Таштан чыгып кетишти. Атамбаев кармалган жок. 

2019-08-08 02:19

Көк-Жардын 200дөй тургуну Кой-Ташка кетчү жолду бөгөп, жолдун ортосун жүк ташуучу унаа менен тосуп коюшту.

2019-08-08 00:01

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери чогулууда. 

2019-08-07 23:54

Кой-Ташка кошумча спецназдардын тобу келди. 

2019-08-07 23:41

Азыркы убакытка алынган маалымат боюнча спецназ Атамбаевди кармаган жок. 

2019-08-07 23:02

Кармалган спецназдардын куралдарын Атамбаевдин тарапташтары тартып алышты.

2019-08-07 23:01

Атамбаевдин үйү тарапта атышуунун үндөрү угулууда.

2019-08-07 22:54

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин абалы канааттандырарлык болуп калганын жеринде жүргөн кабарчыбыз маалымдады.

2019-08-07 22:53

Кундуз Жолдубаева Атамбаев тарапташтарынын алдына чыгууга убакыт келе электигин билдиргенин айтты.

 

2019-08-07 22:43

Тарапташтар "Атамбаев!" деп кыйкырып жатышат. 

2019-08-07 22:39

Экс-президенттин тарапташтары Атамбаев бир нече убакыттан кийин үйүнөн чыгып билдирүү жасай турганын айтышты.

2019-08-07 22:37

Спецназдар Атамбаевди үйүнөн чыгарып, тик учак менен белгисиз тарапка алып кетишкенин европалык ЖМКлар жазып чыгышты.

2019-08-07 22:36

Атамбаевдин тарапташтары "Биз жеңдик!" деп кыйкырып жатышат. 

2019-08-07 22:32

Президент Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкекке кайтып келе жатат.

2019-08-07 22:30

Учурда Атамбаевдин тарапташтары спецназдарды кармап алышты. Бир спецназ эс-учун жоготкон абалда экени айтылды.

2019-08-07 22:27

Атамбаевдин кызы Алия Шагиева: "Менин атам эч жакка качкан жок, эч ким аны кармаган жок, ал Кой-Ташта". Ал бул тууралуу постту социалдык тармактагы баракчасына илди.

2019-08-07 22:23

Атамбаевдин тарапташтары резиденциянын ичине кирүүгө аракет кылып жатышат. Учурда электр жарыгы өчүрүлдү.

2019-08-07 22:14

Фарид Ниязов: "Атамбаевдин үйүндө өзү жана жан сакчылары гана бар, үй-бүлөсүн чыгарып жиберген".

2019-08-07 22:08

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө өрт чыкты.

2019-08-07 22:07

Учурда Кой-Ташта атышуунун үндөрү угулуп жатат.

2019-08-07 22:06

Экс-депутат Равшан Жээнбеков да Атамбаев кармалды деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

2019-08-07 21:54

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жарым саат мурда эле кармалган, бирок аны үйүнөн чыгара албай жатышат. Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү өздүк булак билдирди.

2019-08-07 21:48

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кармалганын орусиялык ЖМКлар өз булагына таянып жазышууда. Бирок Атамбаевдин тарапташтары бул маалыматты четке кагып жатат.

2019-08-07 21:41

Жолдогу кыйылган дарактардан улам "Тез жардам" кызматынын 3 унаасы короого кире албай калышты.

2019-08-07 21:40

Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнүн дарбазасын тарапташтары ачып киришти.

2019-08-07 21:29

Атамбаевдин өлкөнүн ар кайсы облусунан чыккан тарапташтарынын айрымдары Кой-Ташка келишти.

2019-08-07 21:28

Кой-Ташта жүргөн кабарчыбыздын айтымында, Атамбаевдин үйүнөн чыккан адам анын кармала электигин айтты.

2019-08-07 21:21

Кой-Ташта жүргөн кабарчыбыздын айтымында, Атамбаевдин тарапташтары жол боюндагы дарактарды жолду тосуу үчүн кыйып жатышат.

2019-08-07 21:19

УКМКнын маалыматы боюнча операциянын жүрүшүндө ок атуучу курал колдонулган жок.

2019-08-07 21:18

Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Ысык-Көлдө экени айтылууда.

2019-08-07 21:06

Атамбаевдин тарапташтары колдоруна таш алып, спецназдарга каршылык көрсөтүп, короого кирүүгө аракет кылышууда.

2019-08-07 21:03

"Апрель" телеканалынын жеринде жүргөн кабарчысы Алмазбек Атамбаевди спецназдар белгисиз жакка алып чыгып кетишкенин айтууда.

2019-08-07 20:50

Азыркы тапта 10дон ашуун адам жабыркаганы айтылууда.

2019-08-07 20:42

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө баруучу жолго таштар төгүлүп, жол жабылган.

2019-08-07 20:40

Денесинен ар түрдүү жаракат алгандар чогулушту. Аларды "Тез жардам" кызматы келип алып кетишүүдө.

2019-08-07 20:39

Кайрадан атышуунун үнү угулууда. 

2019-08-07 20:30

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын телефонун спецназдар тартып алышты.

2019-08-07 20:25

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин абалы оор. 5-6 адам аны көтөрүп алып кетишти.

2019-08-07 20:21

Атамбаевдин тарапташтары спецназдар тарабынан ур-токмокко алынды. 1 саатка чамалап калды, бирок "Тез жардам" кызматы келе элек.

2019-08-07 20:18

Спецназдар атайын каражаттарды колдонуп жатышат. Үн чыгаруучу гранаталар менен атышуунун үнү угулууда. Кырдаал курч өңүткө айланууда.

2019-08-07 20:17

Арашан айылынын жергиликтүү тургунунун бутуна резина ок тийгени айтылды. Жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлө элек.

Ары жактан атышуунун үндөрү угулууда.

2019-08-07 20:08

Экс-депутат Нурбек Касымбеков көзүнөн жаракат алганын айтты.

Асманда тик учак дагы учуп жүрөт.

2019-08-07 20:00

Кой-Ташка барган спецназдар атайын каражаттарды колдонушууда. Анын кесепетинен 2 адам жаракат алды. Бири бутунан, бири көзүнөн жаракат алды.


кошулду

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү өрт

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу

Спецназдарды Атамбаевдин үйүнөн тарапташтары сүйрөп чыкты

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу

Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашкан жок

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу, Айбек Алимов

Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясы жүргүзүлүп жатат

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 19 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: