Шашылыш кабар: Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясы кайрадан башталды
Тектеш кабарлар: Атамбаевдин кармалышынын чоо-жайы жана андан кийинки камакка алуулар (264 материал)



Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевдин үйүндө жүргөн кабарчыбыз билдиргендей, экс-президентти кармоо операциясы кайрадан башталды. Кырдаал курч. Үйдүн бет маңдайындагы адырдан өрт чыгып, ал жол боюндагы унааларга өтүп кетүү коркунучу бар. Баш-аягы 10дон ашуун унаа өрттүн курчоосунда калды. Унаанын ээлери өрттөн чочулап өтө албай турушат. Атышуу да болуп жатат.
Болжолу менен учурда 100-150дөй укук коргоо органдарынын кызматкерлери жүрөт.
Кой-Таш айылынан Бишкектин чет жакасындагы Көк-Жар айылына чейинки аралыкта 5 блокпост орнотулду. Анын ар биринде 50дөн 150гө чейин укук коргоо органдарынын кызматкерлери бар.
Маалымат дагы толукталат.
Өрттөнгөн унаа, талаа, адырга качкан эл: Атамбаевди кармоонун 2-операциясы
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мухамедзиямидин Турдубек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
22

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.