Ичинде Атамбаев бар деп айтылган Кой-Таштан чыккан унаалар ИИМдин имаратына келди
Тектеш кабарлар: Атамбаевдин кармалышынын чоо-жайы жана андан кийинки камакка алуулар (264 материал)








Кой-Таштан Бишкекти көздөй чыккан 6 унаа ИИМдин имаратына келди. Унаалардын биринде экс-президент Алмазбек Атамбаев бар деп айтылган. Ошондой эле унааларда КСДПнын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаева да бар экенин кабарчыбыз маалымдаган.
ИИМдин имаратынын алдындагы кабарчыбыздын берген маалыматына таянсак, алынып келингендердин катарында Фарид Ниязов, Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө түзүлгөн элдик штабдын жетекчиси Кыяз Смаилов жана Атамбаевдин жан сакчысы да бар. Алынып келингендерди ИИМдин ичине алып кирип кетишти. Ал эми Жолдубаева "Алмазбек Атамбаевди УКМКга алып кетишти" деди.
Бүгүн Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алды.
Кундуз Жолдубаева: "Бизди ИИМге алып баратышат"
ИИМ Атамбаевди Кой-Таштан алып кеткендеги видео
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
5

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.