Бишкекте "Пикеттин эмес, китептин аянтын курабыз!" аттуу семинар болуп өттү
15-августта Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Пикеттин эмес, китептин аянтын курабыз!” аттуу семинар болуп өттү.
Семинарга маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, "Учкун" басмаканасынын директору Даир Кенекеев жана акын Мирлан Самыйкожо катышты.
Долбоорду колдоп Лейлек районундагы 3-эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов атайын Баткен облусунан келип жаштарды китеп окууга үндөдү. "Кыргыз мамлекетинде бир адам жылына орточо эсеп менен 28-32 китепке чейин окууга туура келет экен. Китепти көп окуган өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсү жогору, социалдык, маданий абалы туруктуу болот”, - деди Гапыр Мадаминов.
Ал эми аталган долбоордун уюштуруучусу Табылды Муратбеков “Ала-Тоо” борбордук аянтын терс иш-чаралардын жайы эмес экенин, аны китеп окуган жаштардын аянты кылуу үчүн жаштар менен аракеттер жүрүп жатканын айтат. “Буюрса, бул долбоор менен республиканын бүт аймактарына жетебиз. Бул үчүн атайын мамлекеттен бир миллиондук программаларды түзүштүн, эл аралык уюмдарга долбоор жазуунун кажети жок. Болгону элдер оңой эле ынтымакташып, маселени чечип койсо болот экен. Долбоордун уландысы “Китепкөй Ала-Тоо” деп аталып, борбордук аянтыбызда күн сайын 18:00дөн 20:00гө чейин китеп окуу акциясы болуп жатат. Акциянын максаты дагы ушул болду. Бир нерсе болсо эле "Ала-Тоо" аянты митингдин же туура эмес иш-чаралардын жайы болуп бараткандай. Чет өлкөдөн келгендерге дагы көрсөткөн жүзүбүз борбордук аянтыбыз болуп эсептелет. Иш-чара бир жума же бир ай менен чектелбейт. Бул бара-бара маданият катары, салт сыяктуу калыптанышы керек”, - деди Табылды Муратбеков.
"Ала-Тоо" аянты - пикетчилердин эмес, китепчилердин аянты




1 |